www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылындагы "Радуга" пансионатында мушташ чыкты. Видеодон эс алып жаткан адамды топ балдар келип ур-тепкиге алгандыгын көрүүгө болот. Бул тууралуу социалдык тармактарга окуяны видеого тартып алган күбөлөр жазып чыкты."Президент жергиликтүү тургундарга каалаган пляждарга кирүү укугун камсыздаган. Эми эс алуучуларда коопсуздук болбойт. Бул окуядан кийин баары кетип жатышат. Мушташкандар жада калса бычак менен чуркашты. Алар эс алуучулардын самокаттарынан бери алып, бири-бирин сабашкан.

Мындай арзан эмес баалар үчүн алар бул жерде коопсуздукту камсыз кыла алышпайбы? Бул жерде жадакалса чет элдиктер да, Орусиядан келген туристтер да көп, алар болуп жаткан окуялардын баарын карап турушту", - деп жазган интернет колдонуучу.

Буга чейин өлкө башчы Садыр Жапаров "Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө" жарлыкка кол койгон.

 

Последние новости