www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сузак районунун Сафаровка айылындагы №1 мектептин 7-классынын окуучусунун сабалышы боюнча сотко чейинки өндүрүш токтотулду. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Алардын айтымында, тараптардын жарашуусунан улам иш жабылган.

Буга чейин жабыркаган окуучунун апасы каршы арыз жазып, мугалим Мээримгүл Эргешбаевага койгон дооматынан баш тартканы маалымдалган.

Медициналык текшерүүнүн жыйынтыгында 7-класстын окуучусу ден соолугунан жеңил жаракат алган.

Окуучунун сабак учурунда сабалышы боюнча окуя 23-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сафаровка айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы №1 мектепте болгон.

Видео социалдык тармактарга тараган. Акыйкатчы Атыр Абдрахматова мугалим менен директорду жоопкерчиликке тартууну талап кылган.

Текшерүүдөн кийин мугалим Эмгек кодексинин 381-беренеси «Окуучунун инсандыгына физикалык жана (же) психикалык зомбулук көрсөтүү менен байланышкан тарбиялоонун, анын ичинде бир жолку ыкмаларын колдонуу» боюнча кызматынан бошотулган. Бирок эки күндөн кийин кайра калыбына келтириген. Комиссия директорго Мээримгүл Эргешбаевага чара көрүүнү тапшырган, бирок акыркысы өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости