www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Next TV директоруна дагы бир айып тагылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бүгүн, 29-июнда, Next TV телеканалынын ишинин алкагында анын директору Таалайбек Дүйшөмбиевге “улут аралык кастыкты козутуу” боюнча дагы бир айып такканын анын жактоочусу Тимур Султанов билдирди.

Анын айтымында, айып быйыл 3-мартта телеканалдын “Инстаграмдагы” баракчасына маалымат жарыялоо фактына байланыштуу тагылды.

“Тергөө органдары психологиялык-лингвистикалык экспертиза жүргүзүштү. Жыйынтыгында алар бүгүн экинчи эпизод - дагы бир маалымат боюнча айып тагышты. Таалайбек Дүйшөмбиев да, биз - жактоочу тарап да - буга макул эмеспиз. Муну абсурд жана мыйзамсыз деп эсептейбиз”, - деди Султанов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости