www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ишкерлер көбүнчө мамлекеттик мекемелер менен иштешпөөгө аракет кылат", - деди бүгүн, 27-июлда NazarNews маалымат агенттигине жарандык активист Руслан Акматбек билдирди.

-"Жаңы келген ар бир өкмөт ишкерлердин маселесин чечүү үчүн аракет кылып баштайт. Өкмөт алмашкан соң бул маселе калып калат.

Биздеги эң чоң көйгөй ишкерлер менен бийликтин ортосундагы ишенимдин жоктугу. Ишкерлер көбүнчө мамлекеттик мекемелер менен иштешпөөгө аракет кылат. Ал эми укук коргоо органдарына карата алар кылмыштуу топтор менен биргелешип иш жүргүзөбү деген күмөн саноо бар. 

Биздеги мыйзамдар жана мамлекеттик машина ишкерлер кандайдыр бир катачылык кетирсе, аны дароо жазалаганга багытталып калган. Бул туура эмес, иш болгон жерде катачылык болот, ар бир ишкер жаңылат. Ишкердик чөйрөдөгү башкы маселе бийликтин, ишкердин, коомдун бири бирине карата ишениминин жок экендигинде. Ишеним болбогон жерде экономиканын иштөөсү да чабал болот", - деди Акматбек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости