www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талант, эмгек, жөндөм жуурулуша келген адам ар бир иштин майын чыгара аткарат өӊдөнөт. Ошондой инсандардын бири бүгүнкү каарманыбыз. Акыйкат! Адал мээнет менен калкыбызга кызмат кылуу милдети канчалык оор болсо да, ал баарынан баалуу жана барктуу...
Кыргызстандын Өзбекстандагы атайын ыйгарымдуу элчиси, профессор, КРнын эл артисти Ибрагим Жунусов менен маек.
- Ибрагим мырза, балалык күндөр кол жеткис демекчи, ата-энеӊизге эркелеген убагыӊызды эске салгым келип турат…
- Балалык мен үчүн аруулук. Азыр да кээ бир түштөрүмдө балалык күндөрүмдө бир туугандарым менен бирге жүрөм. Кээде бардык нерседен чарчап, калаберсе тажап да кетесиң. Ошондо балалыкка кетким келет. Сөзүм кур болбосун деп 2000-жылы Жогорку Кенешге Талапкер болуп өтпөй калганда “Балалыкка кетеличи апаке” – деген ыр жазгамын, ошону окуп берейин.
Бала кезде эр жетсем – деп тез эле,
Батаа тилеп жатчу элем кечинде.
Түйшүгү көп түгөнбөгөн бүгүндөн,
Тажап кеттим эмнегедир апаке.
Тойго барсаң этегиңе жармашып,
Мен барам – деп карындашыман талашып,
Жер тепкилеп ыйлап жаткан кезимде.
Кетким келет сени менен апаке.
Ылай болуп күндө келем кечинде,
Мотурайган бала элем эсимде.
Тажап кеттим мен бүкүнкү бактымдан,
Бала күнгө алып кетчи апаке.
Ошол кезде душмандарым жок эле,
Балаң анда айылдын эң шогу эле.
Шок болсом да касташканым жок эле,
Ошол күнгө кетеличи апаке.
Көкүлүмдү тарап койуп кечинде,
Коңшу айылга кызга кеткем эсимде.
Мен келгенче балам качан келет – деп
Күтчү элеңго эсиңдеби апаке.
Тазанын да тазасы экен ал күндөр,
Тазалыка алып кетчи апаке.
Бакыттын да быктысы экен ал күндөр,
Балалыкка кетеличи апаке.
- Адам болуу апанын тарбиясынан башталат эмеспи. Сизди ушул даражага жеткирген эне сиз үчүн…
- Кудай бардык жерге бирдей жетишкендиктен “Энени” ойлоп тапса керек. Мен апамдын тарбиясынан башка тарбия көргөн эмесмин. Эки жарым жашымдан баштап атасыз өскөмүн. Төрт бир тууган элек, төртөөбүздү тең апам жалгыз өзү бакты, өзү тарбиялады. Апам ошондо болгону 32 жашта экен. Жаш экенине карабастан бизди, аталуулардан кем эмес багып өстүрүп, төртөөбүздү тең жогорку билимдүү кылып, азыркы коомго кошту. Бул апам үчүн оңой эмес экенин төртөөбүз тең билчүбүз.
Апама жардам болсун деп бирибиз үй жыйнап, бирибиз кир жууп, бирибиз камыр жууруп апам мектептен келгенче кичине болсо да көңүлү көтөрүлсүн деп аракет кылчубуз. Апам мектепте мугалим болуп иштейт эле. Эки ставка сабак берет эле. Эки ставка эмне экенин мектептин мугалимдери жакшы билет. Бул деген тушкө чейин 6 саат түштөн кийин 6 саат сабак берүү деген нерсе.
Апамдын 50 жаш юблейине арнап “Алтын апа” – деген ырымды жазганмын. Ошондогу апамдын кубанычы ушул күнгө чейин эсимде. Айылдагылар ошол ырдан кийин апамды “Алтын апа” – деп чакырышат эле. Апам мени “аналгиним” – деп койчу.
Кошуналар эмнеге Ибрагимди Аналгин – дейсиз десе? – “Ибрагим менен сүйлөшүп отурсам башым сакайып калат” дечү эле апам.
Менин бүгүнкү даражага жетишиме, апамдын мага берген тарбиясы, мээрими болду. Анан чын дилинен берген ак баталары аркылуу жетип олтурам.
2004–жылы 5–апрелде апамы акыркы сапарга узаттык. Бир агам башын, экинчи агам бутун, мен колун кармап отурганда, баарыбызга ыраазычылыгын айтты “Силер да менден ыраазы болгула” – деп, бул дүйнө менен кош айтышты. Апабыз өлсө, көргө койгонго чейин ыйлайбыз. А биз өлсөк, апалар өзү көргө киргенге чейин ыйлашат экен.
- Тажрыйбадан өткөн устат жок дешет, бирок ага төлөнчү акы кымбат дегенге кошуласызбы?
- Сөзсүз кошулам. Бирок тажрыйбадан да өткөн чоң устат бар “Мезгил” – деген. Эң өкүнүчтүүсү ошол Мезгил – деген устат бүт шакирттерин өлтүрөт.
- Немец философу Генрих Гейне: «Генийди гений жаратат. Алар бир-бирине шыктанып эмес, тирешкен үчүн генийге айланат»-деген экен. Кыргыздан чыккан генийлер деп сиз кимдерди атай алат элеӊиз…
- Атай, Муса, Сагынбай, Саякбай, Чынгыз, Рыспай, Алыкул, Кожомкул, Ысык-Көлдөн чыккан Жети аке, Толубай, Токтогул, Барпы дагы бир нече аттарды атасам болот. Бирок эң өкүнүчтүүсү көзү өтүп кеткенде гана, биз аларды генийлерге кошобуз.
- «Улуу адам учурдан озуп жүрөт, акылдуу адам учурдан калышпайт, митаам адам андан пайдалангысы келет, бирок ага ар дайым акмак адам жолтоо болот» дешет. Ушул өӊдүү адамдарды жашооӊузда учуратпай койбосоӊуз керек…
- Сиз атаган адамдардын баары менен жашоомдо жолугуштум. Баары мага тааныш. Бирөөсүнө карап түзөлдүм, бирөөсүнө карап оңолдум, бирөөсүнөн озгум келди, бирөөсүнөн кем болгум келбеди, бирөөсүнөн качкым келди... Негизи азыр да ошол типтеги адамдар менен баарыбыз иштеп, жашап бирге эле жүрөбүз.
- «Кыйын ишти байкап айт, оӊой дебе, Колдон келбес жумушту болот дебе» дешет. Сөзгө бекемсизби?
- Негизи сөзгө бекеммин. “Оозуңдан чыкканга чейин сөз сенин кулуң, оозуңдан чыккандан кийин сен сөздүн кулусуң” – дейт элебизде. Айткан сөзүмдү аткарганга, жана артка кайтарып албаганга дайым аракет кылам.
- «Мен жасадым» деп көкүрөк койгулаганыӊ эмес, көмүскөдө бекинип жасаган ишиӊ эрдик экен. Элчилик кызматында жасаган ишмердүүлүгүӊүз боюнча токтоло кетсеӊиз…
- Жасалган иштерди санап олтурсак мактаныч болуп калат го. Ошентсе да, Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда түзүлгөн көпүрө бар. Биз болгону ошол көпүрөнү алтын көпүрө кылганга аракет кылышыбыз керек. Келген күндөн баштап Түркияга окууга жана жумушка келген кыргызстандыктар менен жолуктум. Студенттердин койгойлорун угуп аны Ректордун алдына койдум. Негизи жумуш издеп келгендерде көйгөй абдан көп болот го.
Ошол кезде алардын бир чоң көйгөйүн чечкени колдон келишинче аракет кылып жаттык. Ал төмөндөгүчө: бул жактан тапкан айлык акысынын пенсиялык фондго Кыргызстанга өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын консулдук кызматы менен бирдикте 1-отуруму болду. Ошол чечилсе эмгек мирганттары бул жакта иштесе да Кыргызстандан песнияга чыга алмак. Маданий жаатында көзгө көрүнүктүү иштер жасалды. Алыкул Осмоновдун 100 жылдын Турксой менен бирдикте өткөрдүк. Китебин Түрк тилине бирге котортуп басып чыгардык. Т.Океевдин, О.Султановдун кечелерин, Ж.Баласагындын 1000-жылдыгын жогорку деңгээлде Туркияда белгиледик.
Тарых жана маданият жылы деген Президентин жарлыгына ылайык Анкара шаарынын Кечөрен районунда Кыргыз кечелерин өткөрдүк. Кыргызстандын ырчы – бийчи, кол өнөрчүлөр келди. Мекендештерге 2015-жылы 100, 2016-жылв 80ге жакын операция жасалды. Ар бир операция 10 миң доллардан 60-70 миң долларга чейин. Кыргызстанда тарых музейинин кайра оңдоого, жана жасалгалоосуна Түрк тарап 17 милл.долл. бөлүп берди. Бишкек шаарына стандартка ылайык 52-орундуу оорукана иштетүүгө берилди. Бишкектин Жал микрорайонунда нан заводу курулуп, өз ишин баштады. Кастомон шаарында окумуштуулардын симпозиумун өткөрдүк. Кайра эле Кыргызстандын экинчи борбору болгон Ош шаарында Кыргыз маданият күндөрү өттү.
- Кепти баамдап ук, ашты даамдап жут деген накыл сөз бар. Кыргыз эли сизди ырчылык, жогорку кызматтарды аркалап келген коомдук ишмер катары гана тааныбастан сөзмөрдүгүӊүзгө да баа берип калышат. Чечендик өнөр сиз үчүн…
- Мен чечен деле эмесмин. Болгону ойумдагыны, көкүрөгүмдө кайнап турган нерсени айтканды билем – деп ойлойм.
Көргөн нерсени, көрмөксөн, уккан нерсени укмаксан боло албайм. Туура эмести, туура эмес, туураны туура – деп айтканды апам бизге үйрөткөн.
Апам мага айтчу: “Балам же мергенчи бол, же мергенчи мээлеп турган кийик бол. Бирок эч качан мергенчинин ити болбо” – дечү эле. Ошол апамдын сөзүн карманып көп жерлерде бетке айтмай жагым бар.
Мен көп окудум десем туура эмес болуп калат. Көп нерсе деле билбейм, бирок өзүмө керектүү нерселерди билем. Коп китептерди окуп, бирок ал окуганын эч жерде колдонбосо ал “книжный шкафтан” айрымасы жок адам. Канчалык кооз сүйлөсөң да, кыргыз эли сенин сүйлөгөнүңө эмес, жасаган иштериңе карап баа берет.
- Эӊ башкы тилдердин кайсынысы болсун, алты эле жылда үйрөнсө болот. Өз эне тилиӊди толук үйрөнүүгө бүт өмүрүӊ да жетпейт. Дегеним, ЖКда депутат болуп турган кезде кыргыз тили тууралуу көп маселелерди козгогонсуз…
Тили жок улут болбойт. Улуту жок мамлекет болбойт. Мамлекет менен улуттун жок болушунун 1-коркунучу, анын тилинин жок болушу. Биз 1-кезекте тилибизди сактай албасак улутту да мамлекетти да сактай албайбыз. Мен эне тилин билбеген же барктабаган инсандарга таң калам. Кала берсе айбандар да өз тилинде сүйлөшөт. Ит итче үрөт, мышык мышыкча мыялайт, куш кушча сайрайт. Же сиз мышыктын итче үргөнүн же куштун мышыкча миялаганын уктуңуз беле.
Кээ бир кыргыздар өз тилинде сүйлөмөк турсун, өз тилин унутуп калгандар бар. Мен депутат кезимде теледен, радиодон берилген берүүлөрдүн 50 % кыргызча берүү болсун, 60 % кыргызча ырлар ырдалсын – деп мыйзам жазганымда, Ош ТВ, Пирамида ТВ мени конституциялык сотко беришкен. Улутчул депутатты ордуна койгула – деп. Андан башка министр же депутат болом деген талапкерлер да кыргыз тилинен экзамен тапшырыш керек деген сөзүмдү айткан да Жогорку Кенештеги кээ бир кыргыз депутаттар каршы чыккан. Р.Гамзатов айткан: “Эртең тилим жоголоору чын болсо, анда жакшы бүгүн өлүп калганым” – деп. Биз, эне тилибизди сактабасак Кыргыз экенибизден эмне пайда. Баса белгилегим келет, кыргыз тили 1-кезекте кыргыздарга керек.
- «Эгер алдыга жылгандан корксоӊ, анда артты кара. Алдыдагы тоскоолдуктарды көрбөй, анын артындагы ийгиликтерден дем-күч ал» -деген экен Конфуций. Сиз максат кылган иштердин канчасы иш жүзүнө ашты?
Мен алдыма койгон максаттардын жарымына да жете элекмин. Кудайдан көп нерсе сураганмын, буйруса баардыгы четтен аткарылып келе жатат. Үмүтсүз бир гана шайтан болот. Биз шайтан болбогондон кийин, үмүт менен максат менен жашашыбыз керек. Дагы көп максаттарым, үмүттөрүм бар.
- Улуу реформатор жана мамлекеттик ишмер Мустафа Кемаль Ататүрктү тарыхты таасын өзгөрткөн деп таанышат. Ал эми бизден чыккан чыгаан эл башчылары деп кимдерди атай аласыз?
- Кыргызды журт кылган Манастан баштагым келет. Манасты кээ бири уламыш – дейт. Мен ага ишенбейм. Манас болгон. Кыргыздын каганатын кармап турган Барсбек, анда кийинки XIX – XX кылымдардагы Курманжан датка, Алымбек Датка, К.Тыныстанов, Жусуп, М.Раззаков, андан кийин болгон ажоолорубуз да бекерге ажоо болгон эмес, ар биринин мамлекетке кошкон салымдары бар. М: А.Атамбаевдин электр шакекчеден Казакстандан, Өзбекстандан көз карансыздыгына жетишкендиги, Ош-Бишкек алтернатив жолу, Ош-Баткен жолу, Бишкек-Чолпон-Ата жолдору. Мен ойлойм А.Атамбаев ажоолуктан кеткенден кийин ушулар жөнүндө айтыла баштайт.
- Түркиянын даанышман ойчулу, Азирети Желалладдин Руминин (Мевлананын): «Көрүнгөнүӊдөй бол, болушуӊдай көрүн» деген жакшы сөзү бар. Биздин доордо болушундай көрүнгөн адамдар барбы?
Кандай болсо ошондой көрүнгөн адамдар: булар – дыйкандар, мугалимдер негизинен айылда жашаган карапайым элдер. Ошондой эле наристелер. Алардын көздөрүнөн тунуктукту, жүздөрүнөн жылуулукту, сөздөрүнөн тазалыкты көрсө болот.
- Бүгүнкү ишти эртеӊкиге калтырсак, бүгүнкүгө чыккынчылык кылган менен барабар. Бир иштин аягына чыгасызбы?
- Негизи баштаган ишти аягына чыгам. Бирок кээде ойлогон ишти, кыстаган турмуш жеңет болуп кылышы да мүмкүн.
- Элдин баарында кемчилик болот. Бири канында бүтсө, экинчиси «жугузуп алган» кемчилик. Сизде кандай кемчиликтериӊиз бар?
- Мендеги чоң кемчилик өтө ишенчекмин. Бул кемчилигим күнүмдүк жашоодо тоскоол болот.
- «Жүрөктүн арам оюн жүздүн анткор жылмаюусу далдалап жаап турат»-деген экен Уильям Шекспир. Бул керемет накыл кеп сөз кадырлаган инсандын чечмеленишинде кандай болду экен?
Чыныгы сулуулук адамдын жүрөгүндө жашайт. Жүрөгүндөгү жүзүнө чыгат. Ал эми жүзүндөгү көзүнө чыгат. Мен адамдан жылмайып турган жүзүнө эмес, карап турган көзүнө ишенем. Сөз алдаса да, көз алдай албайт. Шекспир айткандай: Жүрөктөгү арам оюн, жүзүндөгү жылмыюсу менен, канчалаган адамдарды күйгүзгөн адам сымал, айбандар бар.
- Жан-дүйнөӊүздүн боштугун эмне менен толтурасыз?
5 убак намазым менен. Ыр менен. Небелерим менен баарлашып. Алар менен ойногондо. Жакын достор менен эс алганда, жан дүйнөмүн боштугу толот.
- Көк беттик кээде чечкиндүү кадамдарга алып барат. Чечкиндүүсүзбү?
- Ооба чечкиндүүмүн – деп толук айталам. Себеби көк беттигим да бар. Утулганды жаман көрөм. Жашоодо эки эреже менен жашайм. 1 – эч качан багынбашым керек. 2 – биринчи эрежени эч качан унутпашым керек – деген.
- Тазалык, аруулук сиздин баамыӊызда…
- Чыныгы инсандык ар бир адамда аруу сезим, таза жүрөк, тунук акыл, алтын мүнөз болсо. Ал чыныгы асыл адам болот.
- Жаш өйдөлөгөн сайын мырзалар азилге жакын болот экен…
- Мен кичинемден эле азилге жакынмын. Тамаша аралаш көп сүйлөйм. Адам тамашалаганда билбесе, азилди түшүнбөсө, деги эле күлгөндү билбесе, анда роботтон айрымабыз жок болуп калат.
- Абийир дегендин өзү кызмат акыбыздан жогору туруусу зарыл. Абийир сиз үчүн…
Абийир бардык нерседен жогору туран. Адам абийири бар үчүн адам. Абийир, ар намыс, уят булар бардыгы бир гана адамзатка таандык нерсе. Эң өкүнүчтүүсү абийир, уяты бар адамдарды гана кыйнайт. Уяты жок адамдарды эч кыйнабайт.
- Чыныгы чыгармачылыктын кулу бул чөйрөгө кокусунан келбейт…
- Туура айтасыз. Чыгармачылык ар адамга насип эте бербейт. Жараткан чыгармачыл адамдын жан дүйнөсүн, жашоого болгон көз карашын башкача кылып жаратат. Чыгармачыл адамдар башка адамдын кайгысын өзүнүкүндөй сезе алат. Башка адамдын проблемаларын өзүнүн проблемасындай көрө алат. Ошондуктан алардын жазганын, аткарганын, ойлоп тапканын эл кабыл алат.
Жусуп Баласагындын мындай сап ыры бар:
Талантты карызга бербейт эч ким колго
Талант бул Жараткандан алган олжо.
Булак: NazarNews.kg