www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сауд Арабия Кыргызстанга 25 тонна курма берди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага эмгек министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев жана Сауд Аравиянын Кыргызстандагы элчиси Ибрагим бин Аль-Ради катышты.
"Бул долбоор падыша Салман атындагы куткаруу жана гуманитардык иштер борбору тарабынан ишке ашырылууда. Ошол эле учурда борбор жана башка уюмдар тарабынан Кыргызстанга гранттар жана кредиттер түрүндө бир нече жолу жардам көрсөтүлдү, анын ичинде билим берүү, автожолдорду реконструкциялоо, медицина, социалдык өнүктүрүү тармактарындагы долбоорлорду ишке ашырууга жардам көрсөтүлдү", - деди элчи.
Министрдин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев дагы Сауд Арабиясынын Кыргызстанга көрсөткөн ар тараптуу жардамын белгиледи.
"Биздин өлкөлөр ар түрдүү тармактарда - социалдык-гуманитардык, соода-экономикалык жана башка тармактарда кызматташып келет. Биздин өнөктөш достор көп жылдар бою Кыргызстанга олуттуу жардам көрсөтүп келүүдө. Пандемиянын кесепеттерин жоюу үчүн КСА 500 миң АКШ долларына гуманитардык жардам бөлгөн. Мындан ары дагы биз мурда 100 миң сомдон алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн бизнесин өнүктүрүү үчүн социалдык келишимди ишке ашыруу боюнча кызматташууну улантабыз деп ишенем", - деди ал.
Белгилей кетсек, министрлик долбоордун уюштуруучуларынын планына ылайык, гуманитардык жардам Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы социалдык мекемелерге, тактап айтканда, карылар үйлөрүнө, балдар үйлөрүнө, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы жана мамлекеттик уюмдарга бөлүштүрүлө тургандыгын билдирди.
Булак: NazarNews.kg