www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Товар ташып келгенде бир топ мыйзамсыз төлөмдөрдү жүргүзчү. Жалпак тил менен айтканда пара берип келген. Мындай пикирди Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев NazarNews маалымат агенттигине билдирди.
--“Бажы жана Чек ара кызматтары коррупцияга чырмалган тармак экени өкмөттүк деңгээлде көп жолу айтылган. Андыктан Казакстан коюп жаткан маселенин жүйөөсү бар. Маселен, биздин айдоочулар мурун Кытайдан товар ташып келгенде бир топ мыйзамсыз төлөмдөрдү жүргүзчү. Жалпак тил менен айтканда пара берип келген. Азыр антип ачык албай калышты. Бирок коррупцияга баруунун башка жолун табышты. Чек арадан өтүп жаткан товарлар боюнча документте башка суммада көрсөтүлүп, текшере келгенде андан дагы көп сумма чыккан учурлар болот. Бул ошол тиешелүү мамлекеттик кызматтын өкүлдөрү менен соодагерлер биригип мыйзам бузуп жатканынан кабар берет. Кытайдан Кыргызстанга ташылып жаткан товарлар дагы ушундай ыкма менен кирет. Ошол себептүү Казакстан дагы кооптонуп жатат да”, - дейт төрага.
Булак: NazarNews.kg