www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы учурларда социалдык тармактарды ар кандай тасмалар тарап коомчулуктун үрөйүн учурууда. Алсак, кулагы чочконукуна окшош семиз койлор тууралуу тасма тарап, «Кытай кой менен чочкону аргындаштырып, Орто Азияга жиберип жатат. Бул койдун эти өтө кооптуу. Бул чочко менен аргындаштырылган койдон колбаса жасалып жатат. Мындай чочко менен аргындаштырылган койлор Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанга экспорттолууда. Жакындарыңарга жибергиле!», деген маалымат 3 мамлекетке тараган.
Белгилей кетсек, жогорудагы маалымат туура эмес. Кулагы узун семиз койлор Белтекс деп аталып, Белгияда аргындаштырылган. Бул аргындаштырылган кой кеминде 70-90 килограмм эт берет. Аталган койдун эти көбүнчө Европага экспорттолот.
Өзбекстандык эксперт Бахтиёр Шералиев коомчулукту кооптондурган кулагы узун койдун койлордон гана аргындаштырылганын айткан.
Булак: NazarNews.kg