www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Темирлан Султанбеков деген бар. КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү. Акыркы убакта Атамбаевге жакын адам болуп көрүнүп, Жээнбековдорго каршы сөз сүйлөй калып жүрөт.

Бул ирет дагы өзгөчөлөнөйүн дегенби, айтоор, эми Асылбек Жээнбековду каматам деп оолугуп калыптыр. Ал бул тууралуу Фейсбуктагы жеке баракчасына жазып чыккан. Анда ал Башкы прокуратурага Асылбек Жээнбековго карата кылмыш ишин козгоо боюнча арыз жазганына 20 күн болгонун жазган. Ошондой эле ал президентке да кайрылганына 18 күн болгонун билдирген. Айтымында президенттин аппараты 3 күндө жооп беребиз деп, дагы деле жооп бербей жатыптыр.

«Президенттик аппараттан 3 күндүн ичинде кат жүзүндө жооп ала турганымды билдиришкен. Ушул күнгө чейин эч жооп келе элек. Мен эртең юристтер менен кеңешем, эгер Башкы прокуратура менен президенттин аппараты жарандардын кайрылууларын кароо жараянын бузуп жатышканы тууралуу божомолум туура болуп чыкса, анда мыйзам бузуп жатканы үчүн Башкы прокуратура менен президенттин аппаратын сотко берем», -деп жазган Темирлан Султанбеков.

Ошондой эле, ал Жээнбековдор Кыргызстандагы саясатка таасир эте албай калгыча Асылбек Жээнбековду каматканга аракет кыларын, андан кийин арызын алып, ал иштерге аралашпай турганын да кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости