www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америка Кошмо Штаттарынын президенти Джо Байденден журналисттер Орусияда максатына жетпей калган куралдуу тополоң жөнүндө пикирин сурашты.
«Айтуу кыйын, бирок Путин Ирактагы согуштан уттуруп жатат. Ал өз үйүндө уттуруп жатат», - деди Байден.
Эскерте кетсек, 23-июнда "Вагнер" жеке аскерий компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин Коргоо министрлигин анын компаниясынын позицияларына сокку урду деп айыптаган.
24-июнь күнү эртең менен ал "Вагнер" аскерлери Ростов-на-Донудагы объектилерди көзөмөлдөп жатканын билдирген. Москва шаарынын жана Москва облусунун аймагында болушу мүмкүн болгон теракттардын алдын алуу максатында антитеррордук операция режими киргизилген.
Кырдаал Беларустун президенти Александр Лукашенко менен "Вагнердин" башчысы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Евгений Пригожин Москвага баруу ниетинен баш тарткандан кийин жөнгө салынган.
"Коммерсант" гезити кылмыш ишин козгоо чечими жокко чыгарыла электигин, козголоң боюнча тергөө уланып жатканын жазган.
Ал эми 27-июнда ФСБ куралдуу козголоң фактысы боюнча козголгон кылмыш иши токтотулганын маалымдаган.
Булак: NazarNews.kg