www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социал демократтар партиясынын жетекчиси Темирлан Султанбеков министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун "Алмазбек Атамбаев менен Кыргызстандын алган насыялар боюнча талашынан улам Каржы министри кызматынан кеттим", - деген сөзүнө комментарий берди.

Анын айтымында, Жапаров жөн эле депутат болсо, жооп бербейт эле, бирок бүгүнкү күндө ал премьер-министр – өлкөнүн жогорку жетекчилеринин бири болгондуктан жооп берүүгө туура келген.

Ал өз сөзүндө Акылбек Жапаровду Атамбаев эч качан министр болууга чакырган эместигин билдирип: "2010-жылдын башында Кыргызстан ыңкылаптан кийин парламенттик башкаруу системасын тандап жатканда, парламентке кирген партиялар көпчүлүк коалициясын түзүшкөн. "Республика" түзгөн көпчүлүк коалицияга түрдүү фракциялар кирди. Алардын бири "Ар-Намыс" фракциясы Акылбек Жапаровдун талапкерлигин Экономика жана каржы министри кызматына сунуштаган ушул фракциянын депутаты болуп, ал фракциянын сунушу менен болгон", - деп белгиледи. 

Ошондой эле, ал: "2012-жылы “Ата Мекен” партиясынын Бабановго каршы жүргүзгөн өжөр саясатына ылайык, көпчүлүк коалиция таркап, Бабановдун өкмөтү толугу менен отставкага кеткен. Тактап айтканда, Акылбек Жапаров "макул болбой, кетип калдым" дегени жалган. Андай болгон жок. Өкмөт толугу менен отставкага кетти. Натыйжада, "Ар-Намыс" фракциясы Акылбек Жапаровду өздөрү отставкага кетирип, Ольга Лавровага алмаштырган. Ал эч качан КСДПдан же башка партиядан квота министри болгон эмес. Мунун баары жалган", - деди. 

Ал кошумчалагандай, Жапаровдун Атамбаев менен айтышканы ага күлкүлүү сезилген.

"Мындай болушу мүмкүн эмес. Ал киши (Атамбаев) башка жерде жүргөнүнөн, жооп бере албастыгынан пайдаланып, ушундай нерселерди токуп жатканы туура эмес", - деди ал.

Мындан сырткары, Жапаров айткандай, Атамбаевдин тушунда алынган насыялар өлкөгө пайда келтирген жок дегени да манипуляция болгонун,  Султанбеков алты жылдын ичинде Кыргызстанга 5 миллиард долларга жакын акча тартылганын айтты. Анын жарымы гранттык каражаттар, кайтарып берүүнү талап кылбаган жардам, жарымы насыя катары алынган.

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу мүмкүн эмес

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости