www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байсаловду эл, парламент жек көрөт. Бирок ал Жапаровго кошоматы менен жагып жаткандыгы эмнени билгизет? Депутаттар аны кетсин деп атса, аны тоотпогон Жапаров Байсаловго килтейген чин ыйгарып салды. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнүн майрамдоого байланыштуу кол коюлган Жарлыкка ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чини ыйгарылды. Маалым болгондой, класстык чинди ыйгаруу жөнүндөгү күбөлүктү Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тапшырды.

Жогорку Кеңештин депутаттары жайкы эки айлык эс алууга кетер алдында Кабмин төрагасы Акылбек Жапаровдун орун басары Эдил Байсаловду отставкага кетирүүгө аябай далалат жасашты. Бирок аракеттери суу кечпей мыш болушту. Дегенибиз, Байсаловдун депутаттарды кагып-силкип "ни ктосуңар" деп тоготпой койгону коомчулукта кызуу талкууланып, эл өкүлдөрүн катуу арданткан. Анан ошол ызаларын чыгарып, парламенттин күчүн көргөзүп, отставкага кетирели деп канчалык чуу салышса дагы, анысын бийлик чиркей чакканчалык көрбөй койду. 

Тескерисинче, Эдил Байсаловго мамлекеттик үчүнчү даражадагы кеңешчи деген чин ыйгарып, депутаттардын супсунунун такыр суутту. Ошентип, депутаттардын Байсаловдун кылын кыйшайта алышпай бозала болушуп, эс алууга чыгышмай болду. Анан жаман айгыр өз үйүрүнө тап болушуп, өздөрү менен бирге иштеген Адахан Мадумаровду "чөөлөрдөй" тытмалашса кыйын. Тарыхта Жогорку Кеңештин баркы мынчалык түшкөн эмес. Президенттик башкаруунун маңызы кандай болоору депутаттардын мээсине аз да болсо жеткендир.

Ушуга жаны күйүп кеткен депутат Балбак Түлөбаев Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында "Жогорку Кеңеш министрлер кабинетинин бир дагы мыйзам долбоорун өткөрбөйт", - деди.

Ал Акылбек Жапаров жетектеген министрлер кабинетинин алдындагы Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Ысык-Көл облусунун эки негизги көйгөйүн чечпей жатканына нааразы болду. Кеп Кажы-Сайдагы калдык сактоочу жана Чолпон-Атадагы тазалоочу жайлар жөнүндө сөз болуп жатат.

"Каттарды карайсыңарбы? Баары чаржайыт. Вице-премьер Эдил Байсалов Жогорку Кеңеш цирк деп айтты. Парламенттин чечимин аткарбайсыңарбы, анда биз өзүбүздүн Конституцияда жазылган укуктарыбызды колдонолу. Эгер бизге ушундай мамиле кылып, каттарыбызга жооп бербесеңер, бир дагы мыйзамыңар өтпөйт. Азыр депутаттар менен кеңешип, бир дагы мыйзамды өткөрбөйбүз. Ушундай кылсак жакшы болобу? Ысык-Көлдө ар бириңердин үйүңөр бар, баарыбыз ошол жакка барабыз. Маселени азыр чечпесеңер, качан чечесиңер?» — деп нааразы болду Түлөбаев аткаминерлерге кайрылып.

Өз кезегинде депутат Жаныбек Кыдыкбаев эгер министрлер кабинети Түлөбаев айткан көйгөйлөрдү сентябрь айына чейин чечип бербесе, кесиптештерине Башкы прокуратурага кайрылууну сунуштады.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

 

Последние новости