www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин четинде 15 жашында төрөгөн кыз жардамга муктаж. Бул тууралуу Балдардын укугун коргоочулар лигасынын директору Назгүл Турдубекова билдирди.
Анын айтымында, кыз апасы менен батирде күн кечирип өтө жакырчылыкта жашайт. Өспүрүм эне кесарево жолу менен көз жарган. Ал балага тамак-аш сатып алуу жана дарылануу үчүн жардам сурайт.
«Кыз менен апасынын айтымында, ал зордукталгандан кийин боюна бүтүп калган. Ага чейин кыз бир нече жыл балдар үйүндө жашаган», - деди Турдубекова.
Укук коргоочу Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын сексуалдык зомбулуктан кийин эне болгон кыздарга жардам көрсөтүү жана реабилитациялоо боюнча атайын кызмат түзүүгө акча бөлүүгө чакырды.
«Абалды түп-тамырынан бери өзгөртүү үчүн «Балдар жөнүндө» кодекске өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана балдарды коргоо боюнча социалдык кызматкерлерди тартуу зарыл», - деп жыйынтыктады Турдубекова.
Булак: NazarNews.kg