www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Талас облусунун тургундары «Жер-Үй» алтын кенинин ачылышы боюнча бир топ аныкталбаган жагдайлар бар экенин жана кенден мамлекеттке туура каражат бөлүштүрүлүшүн талап кылып жатышат», - деди бүгүн, 6-февралда NazarNews маалымат агенттигине Апрель баатыры Төлөгөн Наралиев.
«Баса, убагында Камчыбек Ташиевдин айтканы эсиме түшүп жатат. Аргентинанын мамлекет башчысы өлкөдөгү 12-кен тармагын жаап, эки гана кен тармагын иштетип, 12 кен тармагынын мамлекттик налогун төлөгөн.
Жаңылбасам бул 2014-жылдары Камчыбек Ташиевдин өзүнүн куттуу үйүндө сөз болгон. Аны сыңары кен боюнча көңүл бура турган мезгилди Алла таалам Камчыбек Ташиевге берди!», - деп белгиледи Наралиев.
Белгилей кетсек, кечээ, 5-февралда Таласта «Жер-Үй» алтын кени боюнча жыйын болуп, ага өкмөт өкүлдөрү жана компаниянын өкүлдөрү катышты.
Жыйынга келген жарандар алтын-кен ишканасында мамлекеттин үлүшү болбой калышына себепкер болгон ошол кездеги өкмөттүн жетекчилерин жоопко тартылышын, кеминде 50 пайыз үлүшүн кошуу сыяктуу талаптарын бийликке коюшту.
Ал эми бул боюнча Талас эли буга чейинки келишимдерде мамлекетке, элге бир да сом каралбай калганына нааразы болушууда. Ошондой эле, эгер алар кенди иштетүү экологоияга терс таасирин тийгизсе биротоло жаап салууну талап кылып жатышат.
Буга байланыштуу биринчи-вице-премьер-министр Артем Новиков да жыйынга катышып өз оюн билдирген:
«Биз сиздердин бул аянтчага конок катары суранып, өзүбүз келдик. Себеби өкмөт жергиликтүү элдин пикири менен эсептешет. Кийинки аптада биз алтын кен жайгашкан аймакка дагы барып, дыкат текшерип чыгууга даярбыз», - деди ал.
Новиков алтын кенди жаап салыш керек деген талаптарга мындайча жооп берди. «Алтын өндүрүүгө аракет кылган инвесторду кууп, «кенди жаап салышыбыз керек» деп жатасыңар, бирок андай кыла турган болсок өзүбүздүн эле мекендештер жумушсуз калат. Инвесторго компенсация төлөш керек болот. Андыктан алгач бардык экологиялык экспертизаларды жасап алалы. Биздин комиссияга сиздердин дагы өкүлдү кошобуз, корутундуну сиздер менен чогуу жасайбыз», - деди Новиков.
Булак: NazarNews.kg