www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ДССУ: Вирустун жайылышы басаңдады

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму коронавирустун жугушу жана жайылышы уламдан улам басаңдап баратканын белгиледи. Бул тууралуу ДССУнун эксперти Мария ван Керховен брифингде билдирди.

«Биз инфекция жугузгандар күндөн күнгө азайып баратканын көрүп жатабыз. Бул — чындыгында, жакшы жаңылык. Бул — бир катар факторлорго жана биринчи кезекте өлкөлөрдөгү вирус таралуу чынжырчаларын үзгөнүбүзгө байланыштуу», — деди ал.

Анын айтымында, калкты инфекциядан коргоо үчүн кабыл алынган зарыл чаралар, медициналык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана эмдөө кампаниясы боюнча мамлекеттин иш-аракеттери да маанилүү роль ойнойт.

Керховен оорулардын саны азайып бараткан өлкөлөрдү пандемияга каршы күрөшүү чараларын улантууга үндөдү. Анын айтымында, алар азыр оор баскычтан өтүп жатышат.

Эксперт белгилегендей, адамдар да тиешелүү социалдык аралыкты сактоосу керек, беткап кийип, колду таза кармашы керек, имараттын ичин желдетип, эл көп чогулган жерлерден алыс болушу зарыл.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости