www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тилек Токтогазиевдин “күнүгө 60 тонна этти Кытайга сатам” дегени чындыкка дал келбей калды. Мындай пикирди легендарлуу парламенттин депутаты, академик, Жамин Акималиев “NazarNews” маалымат агенттигине билдирди.
--“Мурдагы Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев иштейм деп иштесе ишке тойбой, дүйнөлүк аренада иштөөгө аракет кылган азамат жигит экен. Бирок, айыл чарба боюнча адиси эмес экени өкүндүрөт. Ал Кыргыз-Россия славян университетин "эл аралык мамилелер" адистиги боюнча бүтүрүптүр. Айыл чарба багытында тажрыйба жоктугунан аксап калды. Ал дүйнөлүк тажрыйбаны колдонуп, Европа өлкөлөрүнөнө башкача асыл тукум малдарды алып келип, аларды кайра иштетип, “араб өлкөлөрүнө, Кытайга экспорттойм” дейт. Кыргызстанда мал абдан көп, ошолорду тескерисинче сыртка эскпорттоп, элге жардам бериш керек. Кыргызстандын калкынын 65 пайызы мал чарба, дыйканчылык менен алектенет. Тактап айтканда, бул төрт жарым миллон адам дегенди билдирет. Анан Тилек Токтогазиев “чет өлкөдөн мал ташыйм, күнүгө 60 тонна этти Кытайга сатам” дегени чындыкка дал келбей калды. Бул пикири көпчүктү ирээнжититти. Ошону менен катар азыркы бийликке дагы жакпай калды. Ошондуктан азыркы кызматынан алышты деген ойдомун. Токтогазиев эки ай айыл чарба министри болуп турду бул аралыкта дасыккан адистер менен иш алып барбай, айланасына жаш, “Кыргызстанды глабалдаштыруу керек” деген амбициясы бар жаштарды чогултуптур. Бул бир жагынан алганда жакшы көрүнүш. Экинчи тараптан караганда, биздин өлкө өзү айыл чарбага ылайыкташкан аймак болгондуктан туура эмес. Андыктан илимпоздор жана тажрыйбалуу адистер менен дагы иштешүүсү зарыл болчу. Бирок, аз убакыт болсо дагы министрлик кызматты аркалады, тажрыйба топтоду деп эсептейм, келечеги алдыда. Кийин мамлекеттин өнүгүүсүнө башка багытта деле салым кошот деп ишенем”, - дейт Акималиев.
Булак: NazarNews.kg