www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«CNN» телеканалынын кабарчысы Кларисса Уорд «Талибан» кыймылынын Кабул шаарындагы бийлигин чагылдырып, Афганистандагы акыркы окуялар тууралуу үзгүлтүксүз маалымат берип жатат. Ал командасы менен адаттагыдай жумушун жасап жүргөндө талибдердин кол салуусуна туш болду, деп жарыялады «Нaberturk».
"Two Taliban fighters just came up with their pistols, and they were ready to pistol whip [our producer who was taking video]. We had to intervene and scream...” pic.twitter.com/3mvCCTlSQR
— Oliver Darcy (@oliverdarcy) August 18, 2021
Бишкектин Биринчи май райондук соту 2006-жылы «Талибан» кыймылы террористтик уюм деген чечим чыгарган. Анын ишмердүүлүгүнө Кыргызстанда тыюу салынган.
Түз эфир учурунда топ адамдардын арасына барып калган Уорд жүзүн жабууну талап кылып кыйкырып жатышканын айтты. Жаңжал учурунда талибанчылардын бири аралашып, Уорд жана анын командасы репортаж даярдоого уруксат берилген журналисттердин бири болгонун айтты.
Уорд өзү айткан маалымат боюнча, Кабулда иштеп жатканда дайыма жоолук салынып турган. Бирок паранжа кийген эмес. Ал эми жоолугу жок жүргөндөгү сүрөт жеке кампуста тартылганын айткан.
Булак: NazarNews.kg