www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германия Ооганстандагы жарандарын Өзбекстандын жардамы менен өлкөсүнө алып кетүүдө. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактарында жарыяланды.

 --"Ташкент аэропорту 18-августта 100дөн ашык Германиянын жарандарын алып келе жаткан А400М согуштук-транспорттук учагын кабыл алды. Бул жарандарды эвакуациялоочу алгачкы каттам эмес. Бүгүнкү күнгө чейин бардыгы 260 жаран Ооганстандан Ташкентке алып келинди. Эми алар Германияга учуп кетишет", - деп билдиришкен Германиянын Өзбекстандагы элчилигинен.

Буга чейин, 17-августта Ташкенттен барган Германиянын согуштук учагы Кабул аэропортундагы баш аламандыктан улам болгону 7 гана жаранын алып келүүгө жетишкени айтылган.

Ошондой эле Ооганстандан Германиянын жарандарын эвакуациялоо боюнча кызматташуулар эки өлкөнүн президенттеринин телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө макулдашылганы кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости