www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Эхо Манас" телерадиокомпаниясынын директору Темирбек Токтогазиев кыргыздар бир тууганга эмес, атам замандан бери бир уруунун балдары бири-бири менен үйлөнгөн эмес – деди, бүгүн, 26-февралда NazarNews маалымат агенттигине. 

"Илгери араб, семит элдеринде бир туугандарын үйлөнтө берчү экен. Азыр алар деле токтотуп коюшту. Кыргызда атам замандан бери бир уруунун балдары бири-бири менен үйлөнгөн эмес, керек болсо башка уруудан алган. Мына ушул аркылуу өзүбүздүн генофондубузду сактап келгенбиз. Мен бир окуяны айтып берейин, президенттер: А.Акаев, Н.Назарбаев, И.Каримов Ысык-Көлдөгү расмий жолугушууда жеке баарлашып жатып, И.Каримовдун айтканы бар: "биздин уул-кыздарыбыз чырайлуу, бирок акыл-эс жагынан кем болуп жатат” дегенде Аскар Акаевич: "мунун сыры жөнөкөй эле, бизде кыргыздарда, казактарда жети ата өткөзмөйүнчө балдарды үйлөндүргөн эмес. Ошол себептен биздин балдардын акыл-эси жогорку деңгээлде" - деген. Каримов өз өлкөсүнө бараары менен "жети ата өтмөйүнчө үйлөнбөсүн" - деп өзүнүн буйругун чыгарган. Ал эми бүгүнкү күндө социалдык тармактарда кээ бир молдокелер эки бир туугандын балдары үйлөнө берсе болот", дегендер эртеңки күнү биздин генофондубузду бузганга алып келе турган кадамдар деп ойлоймун", - деди Токтогазиев.

Эске сала кетсек, ырчы Гүлнур Асанова «бир тууган, бир тууган менен үйлөнсө болот» деген пикири менен коомчулукта бөлүнүп-жарылууну жараткан. Учурда ырчыга каршы кол топтолууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости