www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министр Руслан Казакбаев Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко менен жолугушту. Элчи министрге Украинадагы абал жөнүндө маалымат берген. Казакбаев конфликт жакын арада жөнгө салынаарына ишеним артып, абалдын курчуп кетпеши үчүн эл аралык уюмдардын аянтчасында жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде дипломатиялык жол менен сүйлөшүү зарылдыгын белгилеген.

Орус президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста "атайын аскердик операция уюштуруу" деген жүйө менен Украинага согуш ачкан. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды. Таңкы саат бештерде орус аскерлери Украинага чабуул жасап, басып кирди. 25-февралда таңдан баштап орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоолорун жана бомбалоону улантууда.

Зеленский муну ачык эле согуш деп атап жатат. Батыш өлкөлөрү жана НАТО, Евробиримдик да Москванын кадамын кескин айыптады. АКШ орусиялык бир катар банктарга чектөө киргизип, айрым аткаминерлеринин балдарынын активдерин камакка алган. Австралия, Жапония жана Канада Орусияга каршы санкцияларды колдоду.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Владимир Зеленскийдин өтүнүчү менен Орусия президенти Владимир Путинге чалганын билдирди. Билдирмеге караганда, сүйлөшүү бейшемби күнү кечинде болгон. Сүйлөшүү кыска, ачык жана түз болду. Зеленский аскердик иш-аракеттердин эртерээк бүтүшүн суранып, аны менен сүйлөшүү жүргүзүүнү өтүнгөн. Бирок өзү Путин менен байланыша алган эмес. Ал Зеленскийдин өтүнүчүн айтканын белгилеп, бирок жыйынтык болбогонун кошумчалаган. Владимир Зеленский бул аракетти өлкөгө каршы согуш деп атап, дүйнө лидерлерин Путинге каршы коалиция түзүүгө чакырган. Батыш өлкөлөрү Путинди айыптап, Орусияга каршы жаңы санкциялык пакеттер кабыл алына баштады.

Ушул тушта Киев баштаган шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, чек арадагы аймактарда жардыруу, аткылоо токтой элек.Украинанын президенти Владимир Зеленский борбор шаарда экенин маалымдады. Мурдараак CNN телеканалы өз булактарына таянуу менен “Владимир Зеленский бункерге эвакуация болгонун” билдирген. Ал бункер кайда экени айтылган эмес. Киевдин мэри Виталий Кличко орус аскерлеринин жакындап келишине байланыштуу борбор шаар коргонуу режимине өткөнүн билдирүүдө. Украинанын аскердик техникалары шаарды кайтарып турушат. Аскерлерден сырткары жергиликтүү тургундарга да курал-жарак таратылган.

Орусиянын Коргоо министрлиги буга чейин алардын аскерлери Киевге батыш тарабынан жана түндүк тарабынан кирип баратышканын кабарлаган. Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын кол салышын ачык эле согуш деп атап жатат. Батыш өлкөлөрү жана НАТО, Евробиримдик да Москванын кадамын кескин айыптады. АКШ орусиялык бир катар банктарга чектөө киргизип, айрым аткаминерлеринин балдарынын активдерин камакка алган. Австралия, Жапония, Канада жана башка өлкөлөр да Орусияга каршы санкцияларды колдоду.

 Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости