www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрине таң калса болот генералды алса чуркап барат, ал эми Сапар Исаков, Албек Ибраимовдорду тута албайт. Орусияда активдүү 452 «Вор в законе» бар, алардын 318и Сапар Исаков сыяктуу эркиндикте, 134 түрмөдө, 31 тергелип жатат, 19 «ворду» издеп жатышат. Сапар Исаков «вор» эмес, зэктерди 17 миң сомго «сындырып», «Ворлордун» кара тизмесине түшүп калган. Эгер кайрадан камала турган болсо түрмөдө анын өпкөсүн үзөт. Ворлордун эң көбү грузиндер 252, андан соң орустар- 56, андан соң армяндар-35, Бабановдун таякелери күрддөр-26, азербайжандар -16, абхаздар -10, Батукаевдин чечендери -10, еврейлер -7, калгандары кыргыздар сыяктуу бирден экиден.  

Кыргыздын акчасын уурдап кетип Орусияга 30 миллион долларлык клиника куруп берген Сапар Исаков Бишкек ТЭЦин модернизациялоо, Тарых музейин жана ипподромду реконструкциялоодогу коррупциялык иштер боюнча соттолгон. Октябрь окуясынан пайдаланып качып кеткен Сапар Исаков кыргызстандыктарга жана бийликтегилерге Кайрылуу жасады: "Урматтуу мекендештерим, ардактуу кыргыз элим мени качып кетти, таза болсо качпайт эле деп ар кандай каралоолор болуп жатат. Мен ачык кайрылуу кылып коюуну туура көрдүм. 9-октябрь күнү менин жеке өмүрүмө коркунуч болуп, менин унаама ок атылгандыгы, баарыңыздарга айтпасамда белгилүү. Өзүмдүн, үй - бүлөмдүн коопсуздугун ойлоп, убактылуу чет өлкөгө чыгып кеткенге аргасыз болгом. Жакынкы арада акыйкаттык орноп, сөзсүз сүйүктүү Кыргызстаныбызга кайтып келем деп толук ишенем. 

Урматтуу президент, соттор мен сиздерден ачык айкын сот процесстерин өткөрүүңүздөрдү талап кылам. Себеби мурдагы бийлик саясий куугунтук кылып, эч бир далилсиз камаган, азыркы убакытка чейин байлыктарымды, же чет өлкөлөрдөн банктык эсептерден бир тоголок тыйын, же бирөө-жарым пара бергендигин далилдей алган жок. Бул менин тазалыгымдын белгиси, жана саясий куугунтук экендигинен кабар берет.

Урматтуу президент, мен жеке сизден ачык айкын сот процесстерин өткөрүп берүүңүздү суранам жана талап кылам. Тилекке каршы азыр дагы белгисиз себептерден соттук отурумдар жөнү жок жылууда.

Ачык айкын, адилеттүү соттук териштирүү болсо, менин күнөөм жок экени далилденет да, чыныгы ошол убактагы коррупционерлер, чыныгы ТЭЦке күнөөлүүлөр ачыкка чыгат. Мен ишенем азыркы бийлик, мурдагы бийликтин катасын кетирбейт деп. Акылман элибиз баарын көрүп билип турат, жана өз баасын берет сөзсүз. Терең урматым менен Сапар Исаков", - деген Кайрылуусунда Сапар Исаков. Соттун чечимине ылайык, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков «Коррупция» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга, ошондой эле реконструкциялоодогу коррупциялык иштер боюнча 18 жылга эркинен ажыратылган эле. Аны менен кошо экинчи даражадагы "Манас" ордени алынган эле. Октябрь окуясынан кийин эркиндикке чыгып, аянттан ары чет өлкөгө качып кеткен. Бийликтен чындыкты талап кылган Сапар Исаков түрмөдөн 17 миң сом карызы бар. Экс-премьер-министр Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү колониясына которулган эле. Исаков менен колонияда бирге болгон зэк ал тууралуу төмөнкү окуяны айтып берди: «Эркиндик менен коштошконума 5 жыл болду. Бизде мыйзам иштебейт тура. Өмүрүмдүн 5 жылын акыйкат издеп жүрүп өткөрдүм. Таң калычтуусу Кыргызстандагы аттуу-баштуу инсандар менен түрмөдөн жолугуп, маектешип каламын деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Бир күнү бийликтеги атактуулардын катарында турган Сапар Исаков бизге келип кошулду. Ал «рота» деп коёбуз, канча киши болсо ошонун баары менен эки колдоп ийилип саламдашчу. Бактысы бар экен октябрь окуясынан кийин эркиндикке чыгып кетти. Ал жөнүндө айтыла турган сөз көп. Кызыгы, Сапар түрмөдөгүлөрдү да 17 000 (он жети миң) сомго алдап кетти, анын бул кылганы туура эмес» – деди, атын атагысы келбеген зэк.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости