www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттин жыйынында Бишкек ТЭЦин модернизациялоо жөнүндө депутаттык комиссиянын жыйынтыгы тууралуу Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышын кароо учурунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Самидин Сагынбек уулу депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Осмонбек Артыкбаев Энергетика министри болуп турган кезде ТЭЦ боюнча чечим кабыл албаганын айтты.

Ал ошондой эле компанияны тандап алуу боюнча чечим, ошондой эле 389 млн доллар көлөмүндөгү келишим жана келишимдин формасы Артыкбаев Энергетика жана өнөр жай министри болуп дайындалганга чейин эле президенттин аппаратында кабыл алынганын тастыктады.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Аида Касымалиева “ведомстволор аралык комиссиянын чечими боюнча юридикалык баа берилдиби?”,- деп сурады.

 “2013-жылы 11-июлда ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны өтүп, комиссия мүчөлөрү “Электр станциялары” менен ТВЕА компаниясынын ортосундагы келишимдин долбоорун карашкан. Ведомстволор аралык комиссиянын бул ишине кандай юридикалык баа берилди?”,-деп сурады депутат.

Тергөө башкармалыгынын башчысынын орун басары тергөө комиссиянын чечими жөн гана формалдуулук болгонун ачыктаганын айтып жооп узатты.

 “Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнө жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө байланыштуу материалдарга келе турган болсок, буга өзүнчө кылмыш иши бөлүндү, учурда тергөө жүрүп жатат. Аталган комиссиянын мүчөлөрү көрсөтмө беришти. Алардын айтымында аларга насыялык келишим боюнча даяр долбоорду беришкен, бирок документти изилдеп чыгууга жетишерлик убакыт беришкен эмес. Үч күндүн ичинде даяр чечим бергиле деп аларды милдеттендиришкен. Дегеле бул комиссияны түзүүнүн зарылчылыгы болгон эмес. Биз ошондой эле аталган комиссиянын түзүүнүн себептерин иликтеп жатабыз”,-деп айтты ал. Аида Касымалиева тергөө өкүлүнөн Артыкбаев ишке тиешеси жокпу деп тактады.   

“Депутаттык комиссиянын иши боюнча мен аталган комиссияны түзүү формалдуулук болгон деген бүтүмгө келдим. Биз аталган комиссия түзүлгөнгө чейин эле баардык чечимдер кабыл алынган деп айтсак болот. Жана Артыкбаевдин тапшырманы аткаруудан башка аргасы калган эмеспи”,-деп сурады депутат.     

Тергөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Артыкбвевдин ишке катыштыгы жоктугун, ал болгону процедуралык тапшырмаларды аткарганын, анын жумушу болгону формалдуу болгонун тастыктады. "Ооба, биз дал ушундай болгон деп айта алабыз. Үч негизги маселе - иш аткаруучу, баа жана долбоордун мөөнөтү боюнча маселе президенттин администрациясында чечилген”,-деп айтты ал.

Ошондой эле тергөө жыйындын жүрүшүндө Артыкбаев Бишкек ТЭЦи боюнча чечим кабыл албаганын жана  ТЭЦ боюнча келишдерине кол койбогонун тастыктады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости