www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түштүк Африка Республикасынын президенти Сирил Рамафоса Орусия менен болгон аскерий жаңжалды чечүүнүн жолдорун издөө үчүн Африка өлкөлөрүнүн тынчтык орнотуу миссиясынын алкагында Киевге келди. Бул тууралуу Түштүк Африканын президентинин администрациясы Твиттерде билдирди.

Рамафосаны Украинанын Африка жана Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Максим Субх жана Түштүк Африканын Украинадагы элчиси Андре Гроневальд тосуп алды.

Бүгүн Кирилл Рамафоса Владимир Зеленский менен сүйлөшсө, эртең Санкт-Петербургга Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугат. Кирилл Рамафоса жана миссиянын башка мүчөлөрү, анын ичинде Замбиянын, Комордун жана Сенегалдын президенттери Польшадан Украинага поезд менен келишкен.

Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, Африка өлкөлөрү жөнгө салуу сүйлөшүүлөрүнүн алкагында Орусия менен Украинага “ишеним чараларын” сунуш кылышы мүмкүн.

Түштүк Африканын президенти май айында тынчтык демилгесин сунуш кылган. Орус-украин сүйлөшүүлөрү бир жыл мурда, 2022-жылдын май айында токтотулган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости