www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Audi унаасына отуруп калышы тууралуу комментарий берди.
Мриповдун айтымында, тургундардын сунушу менен Аудиге түшүп, айылдагы талкаланган жолдун абалына өзү күбө болгон.
«Аймактык иш сапарларга барганда мен ар дайым айылдарды аралап жай кыдырып, эл менен жакындан сүйлөшүп келем. Иш сапарга чыгуунун алдында мен жергиликтүү жашоочулар менен жолугушууларды уюштурууну сөзсүз тапшырам, анткени болуп жаткан көйгөйлөрдү жеринде угуу мен үчүн өтө маанилүү деп эсептейм. Тасма айылынын тургундары менен болгон жолугушууда тургундардын сунушу менен Аудиге түшүп, айылдагы талкаланган жолдун абалына жеке өзүм күбө болдум.
Келерки жылы жол куруу жана реконструкциялоо боюнча иштердин тиешелүү тизмесине жолдун ушул кесиндисин киргизүү маселеси каралат. Албетте, жол көйгөйү ар бир облуста бар, алар финансылык мүмкүнчүлүккө жараша оңдолуп турмакчы. Тасма айылынын жашоочуларына кайдыгер карабагандыктары үчүн ыраазычылык билдирем, ал эми жергиликтүү бийлик органдары иштеги кетирген каталыктарын тезинен жоюунун үстүндө иш алып барышат», - деп белгилеген Марипов.
Эске салсак, өткөн аптада Ысык-Көл облусуна караган Түп районунун тургундары бул аймакка сапарга келген министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповду Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү кызматтык жолтанбадасынан түшүп, Audi автоунаасына отуруп көрүүнү сунушташкан. Өкмөт башчы элдин өтүнүчүнөн баш тартпай, айылдыктардын автоунаасына түшүп көргөн. Интернетке бул учурдун видеосу дагы жарыяланган.
Булак: NazarNews.kg