www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда коронавирус менен ооругандар кайра күч алды

Коронавирустун "Дельта" штаммы тез тарап жатканына байланыштуу Кошмо Штаттарда илдетке чалдыккандардын саны өстү. Ооруканага түшкөндөр да көбөйдү.

Июль айында жогорку көрсөткүчтөр вакцинация жай жүргөн гана аймактарда катталса, азыр дээрлик баардык штаттарда коронавирус жайылып жатат. Өзгөчө Арканзас, Флорида, Луизиана жана Миссисипи штаттарында кырдаал курч.

Бир суткада вирусту жуктургандардын орточо эсеби 110 миңден ашып жаткан болсо, соңку эки аптада бул сан эки эсе жогорулады. 65 миң адам ооруканада, күнүнө 500дөй киши коронавирустун айынан көз жумуп жатат. Бул эки аптага караганда 100% көп.

Каза болгондордун жана ооруп калгандардын көбү вакцина албагандар. АКШда 12 жаштан жогорку курактагылардын 60% эмделди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости