www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ар кайсы саясатчыларды кумир тутуп, бири-бирин мазакташкандар көбөйдү. Мындай пикирди саясат таануучу Алмазбек Акматалиев билдирди.
--"Ар кайсы саясатчыларды кумир тутуп, алардын арты менен бири-бири менен кайым айтышып, жек көрүшүп, бири-бирин мазакташып, нерв короткондор көбөйдү...
Эмне дейбиз: Заман ошондой, интернет, ачыктык мейкиндик, социалдык тармактар.
Бара-бара бул талаштар да маданияттуулук мейкинине өтөөр. Бирок, талаштар конкреттүү саясий инсандардын тегерегинде эмес, кайсы бир баалуулуктар жөнүндө, экономикалык өнүгүү жолдору тууралуу, улуттук биримдикти кантип камсыз кылабыз деген ойлор болсо кана? Ошондо майнап чыгаар эле.
Сөздүн, ой-пикирдин, ой жүгүртүүнүн дэңгеелин, жана кадырын түшүрбөсөк. Сөздү сыйлаган журт элек", - дейт саясат таануучу.
Булак: NazarNews.kg