www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

А.Акаевдин бийликке келиши, Масалиевдин тагдыры

II - бөлүм

Бул жерде жолдош Байгазаков сүйлөп кетти. Мүмкүн, Ат-Башыда бир кой арам өлүп калса да, жолдош Масалиев күнөөлүү болуп калганга окшоп калды. Муну этияттап сүйлөш керек... Бул жерде биздин республиканын тагдыры чечилип жатат... Сыдыков Үсөн жөнүндө биринчи мындай сөз кылыштан мурун, анын турмуш жолун көрүш керек... Акималиев биздин кыргызстанлдагы сыйлуу кишилердин бири, интеллигент, илимдин доктору, бардыгыбыз сыйлайбыз, кала берсе ырчы. Эми келип бул жерде ушундай дегени деңгээлге туура келбей турат. Бул өзүнүн Сокулуктан кандай болуп кеткендигин эстеп коюшу керек... (аталган стенографиялык отчет, 25-26-бб.). Депутат К.Бобулов: «Бул жерде Акималиевдин сөзүндө ж.б. бир ачык болбогон, өтө зыяндуу жана так эмес ойлор айтылып жатат. Ушул Масалиев келгенден бери түштүктөн кадрлар ушунча көп болуп кетиптир деп. Ушул Жогорку Советте Президиумда 33 кишиден түштүктөн бир гана кадр бар. Борбордук комитета 105тен - үч, Совет Министрде 127 адамдан 3, мамлекеттик агроөнөр жай комитетинде 367 адамдан 12си Оштон.

Эгерде ушул цифралар тетири болсо, мен көрөр элем сиздерди, ушул залда кандай реакция болорун. Мына жолдош Масалиев коркоктук кылып, дал түштүктөн кадрларды басып жатат ... Эгерде председатель болуп келсеңиз, мындай коркоктугуңузду коюңуз, мен сизден суранам, тең караңыз... Академияны алгбыла, Кыргызстандын жарымы кыргыздар түштүктө ...Академияда болсо жалгыз гана бир мүчө-корресспондент бар, жетимиш жылда, жолдоштор, ушул туурабы? Университетти алгыла, бардык ВУЗдардын ректорун алгылачы, ушуну мында отурган коммунисттер, элдик депутаттар, көрүп-билип туруп эле ушундай сөз сүйлөйбу? Бир гана Ү.Сыдыков келсе Оштон ошол да көп болуп кетиптир, бюронун мүчөлөрү, Совминди, Өкмөттүкүн алгыла, У.Сыдыковдон башка ким бар, эмне үчүн биз Оштук, Кыргызстандын жарымын биз Таласча, Нарынча, же болбосо Ысык-Көлчө карабайбыз, бал эми депутат шайлаганда бүт Кара-Сууга барышат...  Армения чатак болду... Тажикстанда эмне болуп жатат? Азербайжанда, Грузияда ... Өзбекстанда ... Ферганада эмне чатактар ​​болду...

Ал эми бизде чатак болбогондугу, биринчи кезекте БК туура багытта, БКнын биринчи секретары эң туура багытта болгондугу үчүн болуп жатат (стенографиялык отчет, 29-30-6б. ) Андан соң депутат У.Чыналиевге сөз берилет. Ал Масалиев менен көп жылдан бери иштешип жүргөндүгүнө байланыштуу кадр тандоодо: Ал жолдоштордун ишкердик жана моралдык-саясий сапаттарына карап, абдан туура мамиле жасап келди... Жолдош Macaлиев тарабынан Фрунзе шаарына көңүл бурулбай калган учур жок, 1989-жылда 20 млн капиталак салымын 1990-жылда 25 млн сом бөлүнүп отурат... Ат-Башыдан туруп караган кишиге кандай экенин белбейм... Биздин шааплык эмгекчилер, мында катышып отурган депутаттар бул маселеге таптакыр андай баа бербейт».... деп Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагалыгына Масалиевди колдоорун билдирет (аталган отчет, 30-31-бб.). Андан соң председателдик кылуучу талкууну токтотолу деп, добуш бердиңер. Болгону депутат М.Байжиевдин сунушу бар эле, А.Масалиевдин сөзүн угалы деген, ошону чечип алалы дейт (залда уу-дуу).

Төрагалык кылуучу ал маселени добушка коёт. «Каршы 25 киши болуптур, болгону» - деп, андан соң жолдош А.Масалиев Кыргыз ССР Жогорку Советинин председателдигине жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизилсин деген деген депутаттар кол көтөрүүсүн сурайм... Көпчүлүк добуш менен өтөт (аталган стенографиялык отчет 32-33-66.) Депутат Ч.Байгалаков: «Жолдош Кулматов жана Акималиевдин кандидатуралары альтернатива катары киргизилсин» деген сунуш берет. Р. Кулматов кандидатурасын алат.

Жашыруун добуш берүү үчүн Акималиевдин кандидатурасы бюллетенге киргизилсин деген сунуш добушка коюлат. 9 адам макул, эки калыс, көпчүлүк добуш менен Акималиевдин кандидатурасы бюллетенге киргизилбейт (аталган стенографиялык отчет, 33-б.). Андан соң тогуз адамдан турган эсептөө комиссиясы түзүлөт. Эсептөө комиссиясы өз ишин аяк таганга чейин председателдик кылуучу: «...Бир катар депутаттар депутат Глушичтин полномочиесин туура деп таппоо жөнүндө маселе көтөрүшпөдүбү. Комиссия түзөбүз деп талап кылынат. Комиссия  түздүк, ал иштеп жатат. Жыйынтыгын бүгүн, балким эртең билдирет. Анан сессия депутаттык полномочиесин таануу жөнүндө чечим кабыл алынат (залда уу-дуу) ... Юрист барбы, бизде юристтер барбы?

Депутат Ф.Кулов: «....Эгерде законду туура сактаса, анын полномочиесин жогорку советтин тааныбай коюшу туура болбойт...» - деп, депутатты чакырып алуу шайлоочулардын иши экенин депутаттарга түшүндүрөт  (аталган отчет 36-б). Анан төрагалык кылуучу Гулишичтин депутаттык полномочесин туура деп таануу боюнча добушка коёт. Алты каршы, калганы макул болот (аталган стенографиялык от чет, 37-б.) Андан соң Масалиевге жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарылып, кырк алты добуш каршы, 293 депутат макул болуп, ал Кыргыз ССР Жогорку Советинин председатели болуп шайланат. А. Масалиев ошол мезгилдин толук демократиясына ылайык шайланган. Ага альтернатива катары 2 адам Р.Кульматов жана Ж.Акималиев көрсөтүлгөн. Бирок регламенттин тартибине ылайык Р.Кульматов өз талапкерлигин алып салса, Ж.Акималиев бюллетенге киргизүү үчүн тийиштүү колдоо таппаган. Масалиевге сөз берилет.

Ал: .... «Чоң ишенич көрсөттүңүздөр, чоң иш, өтө оор, чоң кызмат деп эсептейм. Экинчиден, жалгыз киши кандайдыр бир тажрыйбалуу болбосун, эгерде чогуу иштеген жолдоштор менен бирдикте болбосо, аларга таянбаса, алар менен кеңешпесе, түз мамиле кылбаса, анда эч канадай жакшы жыйынтыктар, натыйжалар болбойт... Жана Масалиев жалгыз эле кадрларды чече баштады деген сөздөр болду. Масалиев ушундай иштерди жүргүзүп жатат деген, эми мен туура түшүнөм ... Бүгүнкүдөй чоң иштер болгондо, ой-пикирлер айтылышы мүмкүн... Ой-пикир айтып, сын-пикир айтса, мындан жалаң гана пайда чыгат деп ойлойм ... бир тобунан мен жыйынтык чыгарам. Бул айткан жолдоштор капа болуп, ойлонбосо да болот.

Себеби мен жактан эч кандай куугунтук болбойт... 25-30 жылга жакын иштеп жатам. Бир кишинин артынан түшкөн эмесмин... Кем чилигим жок эмес. Республикада болуп жаткан кемчиликтердин бир тобу мага да тиешелүү. Бирок эми ушундай күндөрдө, ушундай бизде демократия болуп жатканда, ой-пикирди ачык, таза, ортого салып чечип жаткан кезде жалаа жапкандар мага жакпайт... Төрт жылдын ичинде... кээ бир маселелердин баарын эле Maсалиевге жүктөп коюшту ... тамеки чеккенди да Масалиев уюштурган имиш... Муну мен жала жабуу деп ойлойм...

Эгерде жолдош Сыдыковдун бирдемкелери болсо, мына ал бул жерде отурат. Сыдыковду жалгыз Масалиев депутат кылды деп айтып жатышат... Сыдыковду Жумгал эли шайлады... мына түндүк жакта, ошол айткан кишилердин айылдары шайлады... Мына жакырчылык жагын айтып коёюн... Эгерде төрт жыл мурда ошол Нарын областында... бир малчы койчуга 20дан кою болсо, биз саясий бюро, өкмөт, жергилдиктүү бийлик эл менен акылдашып, 50-60-70тен кармасын дедик. Жогорку Кеңеш указ чыгарды. Ошондон бери Нарын областында жеке менчик элде 30-35%га өстү... 73 жылдан бери бир дагы академик жок экен, түштүк жактан. Буга ушул Масалиев күнөөлүүбү? ...Кыргызстандын азыркы жетекчилери элеңдеп эле эч нерсе чечпей жүрөт деп, ...эми мүмкүн бирөөлөргө ошондой көрүнгөндүр. Биз элеңдеп жүргөн жерибиз жок.

Уландысы бар...

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости