www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу окурмандар сиздердин алдыңыздарга мындан ары “Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар...” аттуу жаңы рубрикабызды тартуулайбыз. Бул рубрикадан сиздер кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап аткарып жүргөндөрүн ачыкка чыгарабыз.

Кыргыз шоу-бизнесинде акыркы жылдары коёндой окшош ырлар көп жарала баштады. Мунун себебин баарыбыз жакшы билебиз. Ар бир чыгармачыл инсанга ильхом ар кайсы учурда күтүүсүз жерден келет. Бирок, азыр ырчысы, аранжировщиги деле ильхомго карап, эмгектенбей эле даяр ырларды уурдап, хит кылуунун амалын таба албай жүргөндөрү жок эмес...

Бул жумадагы каарманыбыз ырчы Айгүл Чалова. Айгүлдүн репертуарында “Жактырган кереметим” аттуу ыры бар. Ал ыр кайсы элге жана кимге таандык экенин билесиздерби? Аны биз бүгүн ачыкка чыгарабыз. Ырдын түп нускасы француз ырчысы Индилага таандык. Индиланын аткаруусунда “Dernière Danse” аталышында 2013-жылы хитке айланып, “YuoTube” желесинде 333 938 574 көрүүчүнү топтогон. Акыркы жыйынтыкты сиздер чыгарасыздар окурмандар! Кимиси мыкты аткарган? Кимисине бул ыр жарашкан?...

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости