www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу окурмандар сиздердин алдыңыздарга NazarNews.kg маалымат сайты буга чейин дагы уурдалган жана плагиатор ырчыларды ачыкка чыгарып келгенбиз. Мындан ары да “Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар...” аттуу рубрикабызды тартуулай бермекчибиз. Бул рубрикадан сиздер кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап же плагиаттык кылып ырларды аткарып жүргөндөрүн жарыя кылабыз.

Кыргыз шоу-бизнесинде ырчылар көбөйдү. Бул жакшы нерсе. Бирок алардын арасында таланты бар таанышы жоктор четке сүрүлүп калып кетсе, кээ бир үнүн уксак коркуп кете турган ырчылар, компьютердин жардамы менен жылдыз болуп жүргөндөр да жок эмес.

Акыркы жылдары коёндой окшош ырлар көп жарала баштады. Бирок, азыр ырчысы, аранжировщиги деле ильхомго карап, эмгектенбей эле даяр ырларды уурдап, хит кылып, авторлору менен иши жок которуп ырдап жүргөндөр көбөйдү. Канткен күндө да айрым ырчылар музыкалык форма, натуралдык үндүн жана музыкалык акустиканын эрежелерин сактап жүрүшсө жакшы болмок.

Биздин бүгүнкү каарманыбыз “Кыз бурак” тобунун аткаруучу директору Сайкал Садыбакасова тууралуу болмокчу. Сайкалдын репертуарында былтыркы жылы пайда болгон “Мени алдаба” аттуу ыр тууралуу сырды ачыкка чыгарабыз. Бул ыр Казакстандык Аюми тобу аткарып жүргөн “Hey-La” аттуу ырдын көчүрмөсү. Бул ырдын автору “Ринго” тобунун мүчөсү жана “Аюми” тобунун музыкалык продюсери Батыр Байназаров. “Аюми” тобу ырды 2015-жылы жай айларында жаздырып, ошол эле жылдын күзүндө клибин жарыкка чыгарышкан. Бүгүнкү күндө алардын ырынын клибин “Ютуб” желесинде 3 617 500 көрүүчү топтогон.

Ал эми Сайкал бул ырды аткарып чыккан соң, ырдын автору Алмаз Адамалиев деди. Кыязы, Алмаз Сайкалга бул ырды уурдап жазганын айтпаган өңдөнөт. Анан да Сайкалдын бул ырга түшүргөн клиби да казактардыкына коёндой окшош. “Аюми” тобу ырда угармандарын бийге чакырышса, Сайкал сүйүү темасынан алыстабай жигиттерди алдабоого чакырган.

Төмөндө ырдын эки варианты тең берилген. Тындап, сындап, эркин ой пикир калтырчу сиздерсиздер, урматтуу окурмандар!

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости