www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдөгү жерлер мыйзамсыз сатылып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта NazarNews маалымат агенттигине Жети-Өгүз районундагы Тамга айылынын тургуну Тойчубек Карасартов билдирди.

Ошондой эле, ал УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасап, бул боюнча чара көрүүнү талап кылды.  

--“Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, мен Тойчубек Карасартов Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Тамга айылынын элинин атынан кайрылуу жасап жатам. Биздин айыл Тамгада көптөгөн жерлер мыйзамсыз сатылып кетти. Азыркы Тамга айыл өкмөтүнүн башчысы Гүлсүн Чыныбаева мамлекетке тиешелүү жерлерди сатып, айрымдарын мыйзамсыз жол менен менчиктештирип алган. Буга карата катуу чара көрүп, айылдагы жерлерди сактап калууга жардам бериңиз. Эл Чыныбаевага нааразы болууда.

Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абылкайыр Узакбаев Тамга айыл өкмөт башчы болуп 20 жылдан ашык убакыт иштеген. Бирок ошол аралыкта элдин кыжырына тийип гектарлаган жерлерибизди мыйзамсыз сатып жиберген. Ал каражаттарга шаардан, көлдүн жээгинен жер алып, үйлөрдү куруп мыйзамсыз байыды. Мисалы, коргоо министрлигине тиешелүү жерди сатып жиберип, соттон утулуп калган. Ал жердин ордуна Тамга айылындагы 75 гектар жерди бермекчи болгон. Бирок карапайым эл аймактагы жерди сактап калуу максатында ал жердин ордуна 3 миллион сом чогултуп сотко төлөп беришкен. Узакбаев ошону менен токтоп калган жок. Кийин дагы мамлекеттин жерлерин мыйзамсыз менчиктеп, каалагандай калчады. Бир тууган иниси Акай Узакбаев жакында эле 75 миң долларга жер сатып, көлдүн жээгинен жер алганын айтып мактанды. Азыр эл арасында алар дагы 50 гектар жерди менчиктеп алышкандары айтылууда. Тамга айылынын тургундары буларга карата  катуу чара көрүүнү талап кылышууда. Андыктан Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич буга окшогон жемкорлорду тыйып, коррупция менен катуу күрөшүүнү өтүнөбүз”, - дейт Карасартов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости