www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто уюшкан кылмыштуу топтун "Казак" аттуу мүчөсү мындан мурдараак жашы жете элек кызды зордуктаган деп шектелген, эми ал эркек кишиге кол салгандыкта айыпталууда. Бул тууралуу Ош ИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой 11-январда 20:00 чамаларда Оштогу дүкөндөгү кишиге  20 чакты адам чуркап келип, сабап кетишкен. Сабалган киши ооруканага жаткырылган. Айрым маалыматтарга караганда ал  мурдагы Оштун мэри Айтмамат Кадырбековдун байкеси-Улан Райымбеков болуп чыккан. Сабалган жарандан көк ала шишиктер аныкталганы менен ал милицияга арыз жазуудан баш тартып койгон.

Бирок ага карабай аталган факт КРдин Жазык кодексине ылайык “бейбаштык” беренеси менен катталып, экспертиза дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости