www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүнкү күндө ички инвесторлор сыртка кетип жатат. Бул тууралуу саясатчы Жеңиш Молдокматов NazarNews маалымат агенттигине билдирди.
--“Кыргызстанды эл аралык коомчулук теңине албай жатат. Буга Кыргызстандын туруксуз саясий абал алып келди. Бүгүнкү күндө ички инвесторлор тышка кетип жатат. Кафе-ресторандар сатылып жатат. Көпчүлүк курулуш компаниялар ишин токтотуп, сыртка кетишти. Ошондой эле, бир канча орто жана чакан бизнестер жабылды. Экономика аябай төмөндөп кетти. Эмнеге буларды эске албайбыз? Анан Баш мыйзамды өргөртүү менен алекпиз. Азыр Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча саясатчылар, коомдук ишмерлер жана эксперттер пикирлерин ачык айта албай коркуп отурушат. Мен түшүнөм жаңы бийлик күчүндө турат. Кийин гана кабыл алынып калса чыгышат”, - дейт саясатчы.
Булак: NazarNews.kg