www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эки жашар бала көчөдө калган жолбун итти башынан сылоого аракет кылганда ит ачууланып, баланы көздөй жулунуп чуркап барып, анын бетинен тиштеп алган. Иттин балага кол салган учуру видеого тартылып калган.

Кадрдан иттин унаалардын ортосунда жаткандыгы көрүнүп турат. Видео тасмада аял баланы итти көздөй алып келет. Бир нече секунд алар итти карап турушат, андан кийин бала колун сунуп сылап жатканда жаныбар балага кол салган.

Хакасия Республикасы боюнча Орусиянын Тергөө комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 27-март күнү кечинде болгон. Бул факт боюнча Орусиянын Кылмыш кодексинин "Шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости