www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Бишкек” Эркин экономикалык аймагына(ЭЭА) 200дөн 400ге чейинки жумушчу орун түзгөн тигүү фабрикасы салынат. Бул тууралуу Жол картага кечээ “Бишкек” ЭЭАнын генералдык директору Кудрет Тайчабаров менен Өзбекстандын «NIL-GRANIT»(бренд SAMO) компаниясынын башчысы Акром Ганыев, “Узтекстильпром” Ассоциациясынын департаментинин башчысынын орун басары Данияр Хабибуллаевдер кол койду.

Анда, өзбек тарап “Бишкек” ЭЭАсынын аймагынан 2 гектар жер ижарага алып, ал жерге жеңил өнөр-жай фабрикасын, тагыраагы 200-400 орунга чейинки жумушчу орун түзгөн тигүү цехин ачаары, инвестициянын көлөмү 2 миң АКШ долларын түзүп, курулуш иштери жакынкы айларда башталаары, кыргыз тарап фабрикага керектүү инфраструктураны түзүп, курулуштун долбоорун КРнын курулуш ченемдерине адаптациялап, тиешелүү уруксат кагаздарын алууга жетишээри, аталган фабрикадан дүйнөлүк стандарттагы, жогорку сапаттуу кийимдер даярдалып, ЕАЭБдин жана андан тышкаркы өлкөлөргө экспорттолору айтылат.

“Өткөн жумада эле Ташкентке барып, Сиз жетектеген «NIL-GRANIT» компаниясы менен кеңири таанышып, Бишкек” Эркин экономикалык аймагы менен кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюп келдик эле. Бүгүн болсо сүйлөшүүлөрдүн 2-этабына өтүп, Бишкекте кызматташуунун алгачкы саамалыгын, Жол картаны кабыл алып жатабыз. Өзүңүздөр көргөндөй, биздин ишкана өлкөгө келген инвесторлорго шарт түзүү жагынан мыйзамдык жана инфраструктура жагынан башкалардан кыйла алдыда. Буюрса, Жол картага ылайык иш алып барып, кубаттуу ишкананы ачабыз деген ишеничтемин”,-деди Кудрет Тайчабаров. Ошондой эле ал эки тараптын кызматташтыгына данакер болгон “Узтекстильпром” Ассоциясынын департаментинин орун басары Данияр Хабибуллаевге ыраазычылык билдирди.

“Бизди кыргыз туугандарыбыз жылуу тосуп алды. “Бишкек” эркин экономикалык аймагындагы иштеп жаткан компаниялар менен таанышып, иштөө шарттары, жеңилдиктер тууралуу маалымат алдык. Келечектеги фабрика салына турган жерди көрүп, ушул жерде бажы, салык кызматынын башчылары менен баарлашуу мүмкүнчүлүгү биздин инвестиция салуу ниетибизди дагы бекемдеди. Жакын арада Сиздерге субьект катары катталып, ишти баштайбыз”,-дейт «NIL-GRANIT» компаниясынын башчысы Акром Ганыев.

Эске сала кетсек, Өзбекстандан келген делегация КРнын экономика жана каржы министринин орун басары Бекболот Алиев, Инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин төрага орун басары Умбриэл Темиралиев, “Легпром” жеңил өнөр жайчылар Ассоциациясынын башчысы Сапар Асановдор менен жолугушуп, Кыргызстандагы инвестициялык шарттар менен таанышышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости