www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмазбек Сардеков: «ГЭСти өз күчүбүз менен курабыз!»

Урматтуу Садыр Нургожоевич! Мен Сизге чек ара жана ГЭСтин курулушу боюнча сынтакпайм. Камбар-Ата-1 ГЭСин Өзбекстан менен биргелешип куруу боюнча алтернативный вариант катары өз сунушумду гана айтамын!

Буга чейин мамлекеттик курулуш компаниясын түзүп, карапайым эл үчүн арзан үйлөрдү куруу боюнча өз долбоорумду сизге сунуштап кат жиберген элем. Ал кат сизге жеттиби-жокпу билбейм, айтор жооп келген жок.

Ошол эле ишкананы түзүү сунушумду кайталаймын!!!

ММКлардагы маалыматтарга караганда Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга 2,4 млрд доллар каражат керектелет экен. Арийне, бюджетте мынчалык каражат жоктугунан тыштан инвестор издеп жатасыз. Бирок, ички мүмкүнчүлүктөрдү да карап көрбөйлүбү?!

Өнүккөн капиталисттик өлкөлөр деле баалуу кагаздарды чыгарып, өз элине акцияларды сатуу менен ири объекттерди курушат экен. Коңшу тажиктер деле Рогун ГЭСин курууда ушул ыкманы колдонушканын жакшы билесиз.

Ошол 2,4 млрд доллар каражаттын болжолдуу 2 млрд долларына ылайыктап акция чыгарсак неге болбойт?! Мейли миллион долларлык акция сатып алышсын, мейли 100 долларлык акция алышсын, элден топтолот!

Ал эми калган 400 млн доллар каражатты мен сизге мурдагы жеке катымда сунуштаган жол аркылуу үнөмдөөгө болот!

Кудайга шүгүр, цемент чыгарган ири заводдорубуз деле бар!

Профтехлицейлерде таптакыр колдонуудан чыккан эски советтик техникалар бекер эле чирип турат. Башка мамлекеттик мекемелерде деле мындай жарактан чыккан техника, темир-тезектер толтура! Алар эми эчкачан колдонулбайт! Түрмөлөрдүн бирине куюу цехин уюштуруп, ошол чирип жаткан эски техникалардан арматура куйсак, РФдан сатып алгандан бир кыйла арзан түшөт! (Абакта жаткандарды эриктирбей, мамлекет үчүн иштетүү жолу аркылуу алардын да мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна шарт түзсө болот).

Стратегиялык мааниси бар ГЭСти курууда бөлөк жактан инвестор издебей эле, болгондо да биздин сууну бекер алгысы келген, биздин сууну товар катары тааныбай келген Өзбекстанды теңшерик кылуудан алыс болсок жакшы болмок. Анткени, суу - кудай бизге берген эң негизги рычагыбыз!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости