www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн "Сорос Кыргызстан" фонду, Журналисттик иликтөө фонду жана эксперттердин катышуусунда сөз эркиндигинин учурдагы абалы талкуулангандыгын «Азаттык» жазып чыкты. Жыйында медиа чөйрөдөгү соңку чуулгандуу жана резонанстуу окуяларга саресеп салынды.
Иш-чарада "Азаттыктын" директору Айзада Касмалиева кайсы бир иликтөө чыккан соң аны башка маалымат каражаттары да коштоп, илип кете албай жатканын айтты. Көп учурда коомдо ич ара айтылып эле жүргөн коррупциялык иштерди ачык далилдөө кыйынга турарын кошумчалады.
Жыйында сөз алган журналист Ыдырыс Исаков өзүнүн иликтөөсүндө чети оюлбай жаткан эбегейсиз коррупциялык көрүнүштүн кыпындай гана бөлүгүн алып чыкканын айтып, журналисттерди салмактуу иликтөөлөргө көбүрөөк басым жасоого чакырды.
Эске салсак, 29-апрелде милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаковду сотко берген. Ал Ош шаардык сотуна жазган доо арызында Исаковдон 50 млн. сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү суранган.
Булак:NazarNews.kg