www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы Зеландияда отурумга галстуксуз келген депутат парламенттен чыгарылды.

Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, парламент депутаты Равири Вайтити галстуктун ордуна салтка айланган жашыл түстөгү таштан жасалган “хей-тики” зер буюумун тагып алган.

Анын суроо берүү убактысы келгенде палатанын спикери Тревор Маллард галстук тагынган депутаттар гана суроолорду бере алаарын айткан.

Бир нече аракеттерден кийин Вайтити залдан чыгарылганы белгилүү болду.

Кийинчерээк ал “маселе галстукта эмес, маданий айырмачылыкта” деп жооп берген.

Депутаттын айтымында, ал “Маори” элинин ишкер костюмун кийип жүргөн. “Демек, палата спикеринин мындай аракетке баруусуна эч кандай негиз жок болчу” деген ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости