www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто «Дженго» каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досонов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, атайын кызмат кримтөбөлдү бүгүн Бишкекке алып келген.

Белгилей кетсек, буга чейин Досонов бирөөнүн менчигине байланыштуу оор кылмышка шектелип жатат. Ал мындан башка да кылмыш иштерине шектүү катары ордо калаага алып келингени айтылды.

Кримтөбөл Жазык кодексинин 98-беренеси боюнча УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Эске салсак, Досонов буга чейин издөөдө болчу. Анын жактоочусу кримтөбөл УКМКнын Оштогу бөлүмүнө өзү барганын 10-февраль күнү кабарлаган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости