www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ооба, ал менин тууганым. Ал муниципалдык кызматтарда иштеген: “Тазалык”, “Суу канал”, “Зеленхоз”. Менин маалыматым боюнча, бул иш анын “Жашылдандыруу муниципалдык ишканасындагы” көчөттөргө байланыштуу ”, - деп билдирген депутат Мирлан Бакиров Төлөн Бакировдун кармалышы боюнча айрым маалымат булактарына. 

Мирлан Бакировдун айтымында, Төлөн Бакиров анын тууганы болот, бирок анын бир тууганы эмес.

--«Ал өз алдынча чоң эле адам. Иликтөөнүн жыйынтыгында бардыгы ачыкка чыгат. Мунун кандайча жүрүп жатканына кызыккан дагы жокмун. Мен ар дайым адамдарга таза жана ачык иштөө керек экендигин жеткирүүгө аракет кылам», – деди Бакиров.

Жалал-Абад шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын мурдагы жетекчиси, учурда «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасынын Кочкор-Ата шаарындагы филиалынын директору Төлөн Бакиров кармалып, Жалал-Абад ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ал кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана бюджеттик акчаларга мыйзамсыз ээ болуу факттары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 9-февралда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан кармалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости