www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аргентинанын мурдагы президенти, азыркы вице-президент Кристина Киршнерди атып кетүү аракети болду. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, Киршнер жаракат алган жок. Кол салган адам кармалды. Азырынча анын мындай кадамга эмне себептен барганы айтыла элек.
Todo Noticias телеканалы кабарлагандай, окуя 1-сентябрь күнү кечинде виц-президенттин Буэнос-Айрестеги үйүнүн жанында, Киршнер өз тарапташтары менен сүйлөшүп жатканда болгон. Топтошкон адамдардын арасынан бир киши Киршнерди тапанча менен мээлеп,атып жиберген. Бирок ок атылган эмес.
Аргентинанын президенти Альберто Фернандес окуяны Киршнерди өлтүрүү аракети деп атады. Анын айтымында, тапанчада беш ок болгон.
"Ал киши тапанча менен Киршнердин башына мээлеп, атып жиберген. Кристина аман-эсен, анткени кандайдыр бир себептер менен ок атылбай калган", – деди Фернандес телекайрылуусунда.
Болжолдуу маалыматтарга караганда, кол салган адам Фернандо Андрес Сабаг Монтьель аттуу Бразилиянын 35 жаштагы жараны экени аныкталды. Ал өз алдынча дүрмөттөлчү Bersa Thunder 380 тапанчасы менен куралданган.
Киршнер Аргентинанын президенти кызматында 2007-жылдын декабрынан 2015-жылдын декабрына чейин иштеген. Ага чейин төрт жыл өлкөнү анын күйөөсү Нестор башкарган.
Аргентинада Киршнер 2007-2015-жылдары инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда коррупциялык схема түзгөн айыпталууда. Прокурор аны 12 жылга эркинен ажыратууну же 1 миллиард доллар өлчөмүндө айып пул төлөтүүнү, ошондой эле өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштөөсүнө тыюу салууну өтүнгөн.
Булак: NazarNews.kg