www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фейсбуктагы жеке баракчасына журналист Ыдырыс Исаков эли-журтка ыраазычылыгы менен катар эле, билдирүү, ой толгоосун  жазып чыкты. 

Эске салсак,  Азаттыктын журналисти Ы.Исаков Оштогуу жеке ишкер Жалил Атамбаев өңдүүлөрдүн мамлекетке төкпөгөн салыгын ачыктаган видео иликтөөсүн жарыялаган соң, Ж.Атамбаев аны 50 млн. доллар айып сурап сотко даттанган эле. Андан соң, арызын кайра алууга мажбур болгон. 

Ыдырыс Исаков:

Жалпы журналист кесиптештериме жана активдүү замандаштарыма терең ыраазычылык айтам. Сиздер мени гана эмес, сөз эркиндигин жана ачык коомду коргоп чыктыңыздар.

Ж.Атамбаев Ыдырысты "кечирдим" дептир. Анын "кечириминен" өлкөнүн казынасы кампайып кетпейт. Ошондуктан ал салыгын салыктай, карызын карыздай төлөп, Кыргызстандын жөнөкөй салык төлөөчүлөрүнөн кечирим сурашы керек деп эсептейм.

Иликтөөдө сүйлөгөн ишкерлер Ж.Атамбаевди кечирдиби? Какшагандардын аласасын бердиби? -деген суроолор дагы деле ачык бойдон турат. Кыргызстанда укук коргоо органдарынын башчыларын багып коюп эле карпайым элдин жонунан кайыш тилип жашай берсе болот деген түшүнүк жоюлуш керек.

Кыргыз эли Ж.Атамбавдин гана эмес, ар бир салык төлөөчүнүн жоопкерчилигин көзөмөл органдардан талап кылышыбыз керек. Акыл эстүү өлкөлөрдө салыктан качуу өтө оор кылмыш деп саналат.

Биздин салык кызматыбыз эң көп коррупциялашкан тармак деп эсептейм. Себеби өлкөнүн өкмөт башчысы жыл сайын 40 миллиард сом каражат казынага түшпөй жаткандыгын өзү айтып отурат. Салык кызматы эмне иш кылып отурат? Өкмөт да, эл да мына ушул суроого баш оорутушу керек.

Негизи мен Ж.Атамбаевге караганда өлкөнүн көзөмөл органдарын көбүрөөк күнөөлөйм. Анткени ишкердин салыгын доолап, карызын өндүрүүгө мына ошол органдар милдеттүү эле.

Ал эми Ж.Атамбаевге байланышы бар фирмалардын салыктары казынага кайтыш керек. Салыктан качуу кечирилгис күнөө деп эсептейм. Салыктан качкан ишкерди калкалоо андан да оор күнөө деп билем.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости