www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз балык уулап жүргөн эки жаран колго түшүрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Окуя 2026-жылдын 16-августунан 17-августуна караган түнү саат 04:15 чамасында Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл аймагына караштуу «Аалам-Ордо» участогунда орун алган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам аракетинин натыйжасында, көл бетинде мыйзамсыз балык уулап жаткан жеринен Тоң районунун 1965-жылы туулган тургуну И.С. жана Нарын облусунун 1979-жылы туулган тургуну С.М. кармалган.
Кармалган жарандардан 50 даана «чебак», болжол менен 13 даана «судак» түрүндөгү балык, 6 даана мыйзамсыз колдонулган синтетикалык тор, 1 даана үйлөмө желим кайык аныкталып, далил зат катары алынган.
Аталган факты Тоң РИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.
Учурда шектүүлөр Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96–97-беренелерине ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө амалдары уланууда.