www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов «Бала ырысы» жөлөкпулун төлөө маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.
Жыйында долбоорду ишке ашыруунун алгачкы жыйынтыктары жана жөлөкпулду берүүдө жаралган актуалдуу маселелер талкууланды.
Маалыматка ылайык, 1-августка карата «Бала ырысы» жөлөкпулун алууга 193 миңден ашык арыз катталган. Анын ичинен 191 миңден ашык балага жөлөкпул дайындалып, төлөмдөргө бюджеттен 235,8 млн сом бөлүнгөн.
Улан Маматканов жөлөкпулду берүү процесси жөнөкөй, даректүү жана ачык-айкын болушу керектигин белгиледи.
«Мамлекеттик колдоого укуктуу ар бир бала аны өз убагында, бюрократиялык тоскоолдуктарсыз жана негизсиз кечигүүлөрсүз алышы керек», — деди ал.
Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга аныкталган маселелерди ыкчам чечүү жана маалыматтык системаларды интеграциялоо боюнча иштерди аяктоо тапшырылды.
Ошондой эле жооптуу органдарга коюлган милдеттердин аткарылышы тууралуу үзгүлтүксүз маалымат берип туруу милдеттендирилди.
Эске салсак, «Бала ырысы» ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулу төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейинки балдарга үй-бүлөнүн кирешесине, ата-энесинин иштеген-иштебегенине жана башка социалдык-экономикалык шарттарга карабастан берилет. Жөлөкпулдун өлчөмү айына 1200 сомду түзөт.