www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдү булгаган эки пансионатка айып пул салынды

Ысык-Көлдөгү «Керемет-Суу» жана «Дельфин» пансионаттарына айыптар салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, аталган эс алуу жайларында текшерүүлөр жүргүзүлүп, бир катар мыйзам бузуулар аныкталган. Буга чейин апрель айынын аягында ММК бул эки пансионат тууралуу жаңылыктар чыгып, адарда экологияны бузуу фактылары тууралуу сөз болгон. Министрлик пландан тышкары текшерүү жүргүзүү үчүн Экономика жана коммерция министрлигине кайрылып, макулдук алган.

«Керемет-Суу» жана «Дельфин» эс алуу жайларында болгон текшерүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Пансионат ээлери тарабынан Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын өкүлдөрүнө тиешелүү уруксат кагаздары көрсөтүлгөн жок. Ошондой эле, эс алуу жайларынын (курууга чейин) долбоорлору иштелип чыкпай, экологиялык экспертизанын он корутундулары алынбагандыгы белгилүү болду.

«Керемет-Суу», «Дельфин» эс алуу жайларында термалдык ысык сууларды толтуруу үчүн бассейндер (уруксат берүүчү документтери жок) курулган. Алардан агып чыккан суулар тазаланбастан, түздөн түз дренаж каналдары аркылуу Ысык-Көлгө агып кеткен учурлар аныкталды», — деп билдирет министрлик.

Маалым болгондой, мыйзам бузуулар үчүн пансионаттарга административдик айыптар салынган. Пансионат ээлерине эс алуу жайларынын ишмердүүлүгүн токтотуу тууралуу каттар жөнөтүлгөн.

«Ошондой эле, ишкердик субъекттеринин кагаздарын иретке келтирүүдө биргеликте иш алып баруу үчүн кат жергиликтүү бийлик органдарына жиберилди. Андан тышкары, юридикалык баа берүү үчүн бардык топтолгон материалдар Ысык-Көл райондук прокуратурасына өткөрүлүп берилди», — деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости