www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда замандын таарчылыгы менен Кытайдын башка мамлекеттерден импорттолуп келген дарыларга салыштырмалуу арзан дарыларын көп колдонобуз. Айтып коюшубуз ажеп эмес кытайдын дарылары өздөрү зыянкеч эсептелинет. Айрыкча багбанчылыкка колдонуп жүргөн дустту алалы. Аны дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму эчак эле дарылануудан алып салган. Анткени дуст деген уу зат адамдарда ракты пайда кылат. Муну өсүмдүктөргө себебиз, андан өсүп чыккан өсүмдүктөр түз эле рак жана башка коркунучтуу ооруларды пайда кылат.

Ошондуктан өзүбүздүн колдогу дары чөптөрдү пайдалансак абдан жакшы болмок. «Колдо бар алтындын баркы жок!» же өзүбүздүн дары чөптөр тууралуу көп маани бербей жүрөбүз. Биздин өзүбүздө абдан керектүү дары чөптөр көп, мисалга алсак эрменди эле алалы. Эрменди кайнатып туруп чачып койсо алмага да, картошкага да жана башка өсүмдүктөргө да курт грамм жолобойт. Муну бөркүңүздөй көрүңүз. Же болбосо эрменди тегерете тигип коюш керек. Жаңактын жалбырагы, адырашман, кекире деле ошондой натыйжа берет. Уксусту, алтын күкүртүн деле пайдаланса болот.

Дарыларды үч класска бөлсө болот, өтө уулууларын биринчи, анан экинчи класска кошсо болот, булар өтө уулуу. Ал эми үчүнчү класска кошулган дарылар зыянкечтерди жай жоготкону менен адамдын өмүрүнө эч зыяны жок. Ошондуктан үчүнчү класстагы дарыларды көбүрөөк колдонуу зарыл.

Күзүндө жалбырактар 50 пайыз түшкөн убакта бак оорубаган болсо 300 грамм, ооруп калган бак болсо 500-700 грамм мочевина себиш керек. Мочевина ак криссталдуу химиялык зат. Жалбырагы түшкөн соң 500 грамм темир сульфатын он литр сууга аралаштырып дарактын сөңгөгүнө, бутактарына, жерге кошо чачыш керек. Темир сульфаты  табылбаса бордос аралашмасы  деле жарай берет. Анан эрте жазда, абанын температурасы 5-10 градус  жылыганда бул процедураларды дагы бир ирет кайталап туру керек. «Хорус» менен «Скор» бирдей натыйжа берет, бирок алардын бир-аз айырмачылыктары бар. «Хорус» 15 градус болгондо, «Скор» 20 градустан өйдө жакшы таасир берет. Бул шабдалы менен кокон гиласка өзгөчө жакшы таасир тийгизет. Шабдалынын мөмө берүү мөөнөтү 3-4 жыл деп жүрбөйбүзбү, анын эң жаман оорусу – бул чайыр. Жгер чайырды жок кылып, жанагы эки дары менен дарыласа 40-50 жыл түшүм берет. Айрыкча, 3 пайыздык бордос араламасын эрте жазда чачсак оабдалы эч оорубайт.

Жер семирткич катары койдун кыгын пайдаланса болот, эскирген, эки жылдан өткөн кыкты пайдаланса жакшы, анткени жаңы кыкта аммиак болот, ал дарактын тамырын күйгүзүп ийиши мүмкүн. Койдун кыгын дарактардын бутагынын узундугуна жараша пайдаланыш керек. 4 квдарат метрге он кило кык чачса жетиштүү. Кыкты дарактын түбүнө чачпаш керек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости