www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жыл аягына чейин республика боюнча 204 мектеп жана 49 бала бакчанын курулушун аяктоо пландаштырылууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Боз-Бармак айылында жалпы орто билим берүү мектебинин курулушуна капсула салуу иш-чарасында билдирди.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, мектептин курулушу күзгө чейин бүтөт.

Бул мектептин ачылышы менен 3 чакырымдан ашуун алыс жайгашкан коңшу айылда буга чейин билим алып келген мектеп жашындагы балдарды камтууга шарт түзөт.

"Бул мектептин бүтүрүүчүлөрү келечекте чыгаан окумуштуу, дарыгер, инженер, жазуучу болуп чыгып, өлкөбүзгө дүйнөлүк атак-даңк алып келет деп ишенем”, - деди Акылбек Жапаров.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости