www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

24-августта Ысык-Көл облусунун Сары-Камыш айылында интенсивдүү багбанчылык ыкмаларын ишке киргизүү жана климаттык шарттарга ыңгайлашкан, илдеттерге жана зыянкечтерге туруктуу өсүмдүктөрдүн сортторун жана гибриддерин колдонуу тууралуу талаа күнү өттү.

Семинарга Айыл чарба министрлигинин адистери,  Өзбекстан, Казакстан, Молдова өлкөлөрүнүн багбан ишкерлери, “Догал” компаниясынын өкүлдөрү жана республиканын бардык облустарынан багбан, дыйкандар келип катышты.

Анда интенсивдүү багбанчылык ыкмасын жайылтуу, чыгымы жана экономикалык кирешенин көрсөткүчтөрү, ошондой эле климаттык кырдаалга байланыштуу эрте жаздагы үшүккө туруштук берген, илдеттерге жана зыянкечтерге  каршы “Догал” компаниясынын препараттары дыйкан, фермерлерге сунушталды. 

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 53 миң гектарга бак отургузулган болсо, анын 2600 гектары интенсивдүү багбанчылык болуп саналат жана бул багытка ыктаган багбандардын саны күн санап өсүүдө.

Последние новости