www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө Назарбаевдин эстелиги алынып салынган

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин эстелиги “Рух Ордо” маданий борборунун аймагынан алынып салынды. Бул тууралуу Kaktus.мedia кабарлады.

Эстелик көлдөн алыс эмес жерде – арканын оң тарабында орнотулган. Басылма эстеликти болжол менен бир жыл мурун – 2020-жылдын ортосунан 2021-жылдын ортосуна чейин алып салышканын жазды. Себеби ошол кезде эс алгандардын видеосунда эстелик көрүнгөн эмес.

Президенттик администрация эстеликтин алынганы жөнүндө маалыматка комментарий бере элек.

Эстелик 2005-жылы Назарбаевдин 65 жылдыгынын урматына орнотулган.

Назарбаевдин эстелигинин жоголгону тууралуу маалымат Чолпон-Атада Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстан президенти Садыр Жапаров жана Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев бейформал форматта жолуккан күндүн эртеси жарыяланды.

Булак: Kaktus.мedia

 

Последние новости