www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалганын облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-май күнү Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө райондук ооруканадан билдирүү келип түшкөн. Анда ооруканага көкүрөк тушуна учтуу курч нерсе менен жаракат алып, каза болгон азия улутундагы белгисиз жаран түшкөнү маалымдалган.

Аталган факт Ак-Суу РИИБдин МЭЖне катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Текшерүү иш-аракеттеринин жүрүшүндө, 2026-жылдын 3-май күнү болжол менен саат 09:20 чамасында И.Б. аттуу жаран мурунку күнү орун алган өз ара пикир келишпестик маселесин чечүү максатында Ак-Суу айылынын аймагындагы даректердин бирине барып, М.Т. аттуу жаранды сүйлөшүүгө чакырганы аныкталган.

Ал эми М.Т. өзүнүн тааныштары менен окуя болгон жерге барып, короого кирген, аны коштоп барган адамдар көчөдө калышкан. Сүйлөшүү учурунда И.Б. мал союучу бычак менен М.Тнын көкүрөк тушунун сол тарабына сайып, натыйжада М.Т. оор жаракат алып, эс-учун жоготуп, окуя болгон жерден эле көз жумган.

Факты Ак-Суу РИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (“Адам өлтүрүү”) негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Кылмышка шектүү катары 1978-жылы туулган И.Б. кармалып, 2026-жылдын 4-майында Ак-Суу райондук соту тарабынан ага карата 2 ай мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Последние новости