www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көлдө 10-күн мурун Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосундагы көлгө чөгүп кеткен төрт жаштагы Айша Мурдинованы издөө иштери уланууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, издөө иштерине 30 куткаруучу тартылып, анын жетөө суучул, атайын техника, анын ичинде дрондор тартылган. Бардык аракеттерге карабастан кызды табуу мүмкүн болбой жатат.
24.kg агенттигине маркумдун апасы Кенжегүл Бейтилешева кырсык болгон күнү көл жээгинде эмне болгонун айтып берди.
«Кызым экөөбүз үйлөмө матрас менен тайыз жерде сүзүп жүргөнбүз. Бир кезде толкун болуп, матрас көңтөрүлүп, кызым экөөбүз ар кайсы тарапта түшүп калдык. Күйөөм менен окуянын күбөлөрү дароо бизге чуркап келип, кызымды издей башташып, бирок таба алышкан жок», - дейт ал.
Аял шок абалда. Анын айтымында, кырсыктан кийинки алгачкы күндөрү куткаруучулар активдүү издөө иштерин жүргүзүшкөн. Азыр алардын интенсивдүүлүгү азайды.
«Биз коомчулуктан, ыктыярчылардан жана жөн эле кайдыгер карабаган адамдардан жардам сурайбыз. Бизге издөө иштерине катыша тургандар абдан керек», - деп кошумчалады Кенжегүл Бейтилешева.
Маркумдун үй-бүлөсү издөө иштерине жардам берүүгө даяр болгондорду 0705603704 жана 0700824212 телефон номурлары менен байланышууну өтүнөт.
Булак: 24.kg